Белгилүү журналист Шайырбек Абдырахман КТРКнын башкы директорунун орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-июнда SUPER.KG порталына Шайырбек Абдырахман өзү билдирди.
Ал КТРКнын башкы директорунун радио уктуруулар боюнча орун басары катары иш алып бармакчы.
"КТРКнын байкоочу кеңешинин жыйыны 21-июнда саат 16:00дө болуп өттү. Жыйынга катышкан байкоочу кеңештин 12 мүчөсү тең менин талапкерлигимди жактырышты", - деди Абдырахман.
Эске салсак, ал 28-майдан баштап башкы директордун орун басарынын милдетин аткарып келген. Ага чейин аталган кызматта Кайрат Иманалиев иштеп келген.
Өмүр баяны:
Шайырбек Адырахман 1976-жылы 27-сентябрда Аксы районунун Кара-Жыгач айылында туулган.
1994-2000-жылдар аралыгында Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы факультетинде билим алган.
2001-2008-жылдары КТРКда эмгектенген.
2009-жылдан тарта ЭлТР каналында эмгек жолун уланткан.
2010-2013-жылдары ЭлТР коомдук телерадиокомпаниясынын башкы директору болгон.