"Мен желекке "Манас" эн тамгасын коюуну сунуштаган жокмун. Журналисттер көбүртүп жазып салышыптыр", - деп бүгүн, 22-июнда SUPER.KG порталына Жогорку Кеңештин "Кыргызстан" фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков айтты.
Анын айтымында, желекке байланыштуу сунушту буга чейинки парламент жыйынында айтып чыккан.
"Буга чейин премьер-министр Жогорку Кеңештин жыйынына келгенде желектин бир жерине өзгөртүү киргизели, болбосо айрым иш-чараларда тескерисинен илинип калып жатат деп айткам. Себеби өлкөдөгү айрым иш-чараларда, спортчуларыбыз чет өлкөдө мелдештерге катышканда биздин желек тескери илинип калган учурлар болуп жатат. Желегибиздеги түндүктү биз түшүнөбүз. Бирок башкалар айырмалай албай калууда.
Албетте, бул демилгени атайын адистер иштеп чыгышы зарыл. Мага журналисттер байланышып: "Кандай өзгөртүү сунуштап жатасыз? Эмнени кошуу керек", - деп сурап жатышат. Айрымдары жообумду көбүртүп жазып салыптыр. Менде так сунуш жок. Бирок кошумча элемент кошсок туура болот деген эле ой. Сөзсүз "Манас" эн тамгасын кошолу деп сунуштаган эмесмин. Журналисттер сурай бергенинен ушинтип мисал келтиргем. Бул маселе талкууга алынышы керек. Мага эми жарандардан кайрылуулар келе баштады. Аларды чогултуп, сунуштап көрөм", - деди Баатырбеков.