Америкалык компания уйкусуздукка каршы наушниктерди чыгарды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, америкалык "Bose" корпорациясы SleepBuds наушниктерин аудиторияга тартуулады. Бул наушниктер уйкусуздукка каршы чыгарылган. Наушникте атайын үн жолдору камтылган. Бул жабдыктар смартфондорго атайын тиркеме аркылуу кошулуп, адамды эс алдыруучу музыка ыргактары угулуп турат.
Эң кызыгы, бул наушниктердеги үндү жогорулаттууга болбойт. Бир жолу кубатталса 16 саатка чейин иштейт. Анын салмагы 1,5 грамм жана ал уктап жаткан адамдын кулагынан чыкпагандыктан эч кандай ыңгайсыздык жаратпайт. Бул наушниктер 250 доллар турат.