"Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунун борборунан 1-Май айылына кеткен жолдун абалы өтө начар. Аймактарды өнүктүрүү жылы да бүтүп бара жатат. Көңүл бурулабы?" деген билдирүүсүн окурман "Соңку кабар" бөлүмүнүн "ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына жөнөткөн.
"Ала-Бука районунун жолдору өтө начар. Бейтаптарды райондун борборуна алып баруу да кыйын болууда. Жолдон "Бозумчак" алтын кенинин оор жүк ташуучу унаалары өткөндө айыл чаңга бөлөнүп калат. Жолдорду ошол унаалар бузду. Аны оңдоп-түзөө үчүн тендерден уткан компаниянын иши да эмнегедир токтоп калды. Бул жол район борбору менен 100 миңдеген тургундарды байланыштырып турат. Урматтуу президент Сооронбай Жээнбеков! Бул маселени жеке өзүңүз көзөмөлдөп, аягына чыгарып чечип бериңиз", - деп кайрылган окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.