ЖЫЛНААМА, 24-ИЮНЬ: Дүйнө чемпиондугунда ийгилик жарата албай жаткан Лионель Месси 31 жашка чыкты

Мындан 31 жыл мурун, тактап айтканда, 1987-жылы 24-июнда футболчу Лионель Месси Аргентинанын Росарио шаарында жумушчунун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Месси футболго 5 жашында келген. 1999-жылы Месси өзү жашаган шаардагы "Ньюэллзолд Бойз" командасына чакырылып, бир аз убакыттын ичинде командадагы эң мыкты оюнчу аталган.

2000-жылы 30-октябрда 13 жаштагы Лионель Месси "Барселона" жаштар командасына алынган. Ал негизги курам менен 2003-жылы "Порту" командасы менен болгон жолдоштук беттешүүдө ойногон. Ал эми расмий оюндарда ал 2004-жылдан тартып ойной баштаган.
Анын алгачкы расмий оюну – 2004-жылы "Эспаньола" командасы менен болуп, өзүнүн биринчи голун 17 жашында 2005-жылы май айында "Альбасете" менен болгон беттеште киргизген. Мындан кийин Месси "Барселона" менен испаниялык жана Дүйнө биринчиликтеринде бир топ ийгиликтерди багындырган.
2010-2012-жылдар Месси үчүн жемиштүү болгон. Бул жылдар аралыгында ал 3 жолу катары менен ФИФАнын "Алтын топ" сыйлыгына татыган. 2015-жылы "Алтын топко" дагы бир жолу ээ болгон.Похожее изображение
Месси жубайы Антонелла Рокуццо менен бала кезинде таанышкан. Кичине кезинен Антонелланын бир тууган агалары менен футбол ойноп чоңойгон. 2012-жылы алардын тун баласы төрөлгөн. Ата-эне ага Тьяго деген ысым ыйгарган. 2015-жылы экинчи уулу Матео төрөлгөн. Лионель Месси 2017-жылдын 30-июнунда үлпөт тоюн өткөрдү. 30 жаштагы футболчу эки уулдун энеси болгон сүйүктүүсү Антонелла Рокуццо менен расмий никеге турган. Кызыгы, кечеге Месси менен бир кезде чогуу иштешкен Диего Марадона, Хосеп Гвардиола жана башка машыктыруучулар чакырылган эмес.
Месси Испаниянын тарыхын изилдөө жана футболдук статистика борборунун версиясы боюнча Өлкө чемпиондугунун тарыхындагы эң мыкты футболчу аталган.

2018-жылдын март айында футболчу үчүнчү ирет уулдуу болуп, ага Чиро деген ысым ыйгарышкан.

Учурда дүйнө элинин бүйүрүн кызытып, уйкудан калтырып жаткан футбол дүйнөсүндөгү эң беделдүү иш-чаралардын бири Дүйнө чемпиондугунда ийгилик атактуу футболчуну таштап кеткендей. Адегенде Аргентина курама командасы тайпалык баскычтын 1-оюнунда Исландия менен беттешип 1:1 эсебинде тең чыккан. Курама команда үчүн эң жакшы мүмкүнчүлүк болгон пенальтини Месси ийгиликтүү орундата алган эмес. Ал эми 2-беттеште да аргентиналыктар Хорватия курама командасына 0:3 эсебинде жеңилип калышкан. Бирок Нигерия курама командасы Исландияны утуп, Аргентина курама командасына плей-оффко чыкканга мүмкүнчүлүк берди.

24-июндун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
kilim
2018-06-24 17:57:21
Туулган кунун менен Лео
+4
Makkambaev97
2018-06-24 18:28:43
Ким элэ Месси
-4
cholpon119966
2018-06-25 16:56:22
Коп жаша Лео, сен баарибир мыктысын мен учун.
0
Alymbek.A
2018-06-27 11:56:03
Месси мыкты чыгышты Аргентина
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан