Акимдерди түздөн-түз премьер-министрге баш ийдирүү сунушталды

"Акимдер түздөн-түз премьер-министрге баш ийиши керек", - деген оюн бүгүн, 25-июнда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын кеңейтүү маселесине арналган парламенттик угууда депутат Кенжебек Бокоев айтты.

Эл өкүлүнүн пикиринде, бир топ облустук башкармалыктар жумуш жасабай эле отурат.

"Республикада 37 айыл өкмөт бир эле айылдан турат. Муну да карап чыгуу керек. Бизге облустук прокурордун, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин облустук башкармалыгынын эмне кереги бар? Аким түздөн-түз премьер-министрге баш ийип иштесе болбойбу? Жарандарыбыздын 60-70 пайызы айылда жашаганы менен, аларга шарт түзүлгөн эмес. Бардык министрликтердин иштери айыл өкмөткө берилип калган. Биз кайсы мыйзам аткарылбай жатса, ошол мыйзамды коомдук талкууга жана парламенттик угууга алып чыгалы деп жатабыз. Муну адатка айлантышыбыз керек”, - деди Бокоев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Jelezo
2018-06-25 12:44:27
Эң туура айтасыз
+3
ulanik
2018-06-25 13:08:41
Негизи ушундай болсо жакшы эле болмок эле облуста олтургандар жумуш жок айлык алып жаткандай райондордон кагаз алып аны окмотко жиберип коюп эле башка кылган деле кызматтары жокко
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан