Германияда Кыргыз жараны полиция кызматкерлеринин айынан 19 миң евро жана 3 миң доллар акчасын уурдатты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Асыл Сыябекова билдирди.
Белгилүү болгондой, Европадан жүк ташуучу унааларды алып келип саткан Сыябекованын жолдошу полиция кызматкерлеринин айынан документтерин жана 19 миң евро акчалай каражатын уурдатып жиберген.
"Үй-бүлөбүздү багуу үчүн жолдошум 2018-жылдын апрель айында жашаган үйүбүздү күрөөгө коюп 1 миллион 500 миң сом насыя алып өз ишин баштаган. Иши жаңыдан жүрүшүп баштаганда мындай жагымсыз окуя болуп эмне кыларыбызды билбей жатабыз", - дейт Сыябекова.
Анын айтымында, 17-июнь күнү жолдошу Москва аркылуу Вильнюска учуп, андан ары Германияга жол тарткан.
"22-июнь күнү түнкү саат 12:30дар чамасында Германиянын Гамбург шаарында жолдошум өзү жайгашкан мейманканага кетип бара жаткан учурда анын артынан полиция кызматкерлери келип автоунаасын токтотуусун талап кылышкан. Ал токтогон учурда полиция кызматкерлери документтерин текшерип, унаасын тинтүүгө алышкан. Бул учурда башка полиция кызматкерлери аны тапанча менен кайтарып турган. Арадан 15-20 мүнөт өткөн соң 2015-жылы алынган паспортунан шек санашып, жакынкы полиция бөлүмүнө алып жөнөшкөн", - деп билдирди жабырлануучунун жубайы.
Ал учурда жолдошум унаада жаңы алган жүк ташуучу автоунаага болгон документтер, чек ара жана бажы өткөрмөлөрүнөн керектелүүчү документтер жана 19 миң евро, 3 миң доллар (жалпы 1 миллион 686 миң сом) салынган асынма баштыкчасын өзү менен кошо алып алуусун өтүнгөн. Бирок полиция кызматкерлери ага эч ким тийбестигин айтып, аны алып кетип калышкан.
"Бөлүмдө отурган кезинде жолдошумдун санаасы тынчыбай аны алып келген кызматкерге унаадагы асынма баштыкчасын алып келип берүүнү өтүнгөн. Бул ирет алар дароо макул болуп, кызматкерлердин бирин унаага жиберишкен. Көп өтпөй ал кызматкер кесиптешине чалып унааны бирөөлөр тоноп кеткендигин билдирген. Тоноо тууралуу маалымат түшкөн соң жолдошумдун кечке тактай албай жаткан паспортун тактап, дароо бошотушкан. Полиция кызматкерлери менен бирге унаанын жанына барышканда анын терезеси талкаланып тонолгонун көрушкөн. Жолдошумдун ууруларды тапканга жардам бергиле деген өтүнүчүнө полиция кызматкерлери эч кандай жардам бере албастыгын билдиришкен. Бирок ал жердеги жакынкы имаратта видео көзөмөл бар экен. Ошону карап деле териштирүү иштерин жүргузүп ууруларды кармаса болот", - дейт Сыябекова.
Учурда жолдошу акча каражаты, керектүү документтери жок чет элде күн көрүп жатканын Германиядагы Кыргыз элчилиги, тийиштүү органдар жеткиликтүү көңүл буруп күнөөлүүлөр өз жазасын алышын көзөмөлдөшүн Сыябекова суранат.