Уругвай Орусия курамасын ири эсепте утуп плей-офф баскычына 1-орундан чыкты

Бүгүн, 25-июнда Орусияда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун 3-туру старт алат. Анда "А" тайпасынын алкагында Уругвай-Орусия беттеши орун алмакчы. Аталган беттеш "Самара Арена" стадионунда өтүп, беттештин башкы калысы Маланг Диду (Сенегал) болмокчу.

19:38. Уругвай курамасынын тизмеси:

  • Дарбазачы: Фернандо Муслера ("Галатасарай", Түркия).
  • Коргоочулар: Диего Годин ("Атлетико", Испания), Себастьян Коатес ("Спортинг", Португалия), Мартин Касерес ("Лацио", Италия).
  • Жарым коргоочулар: Родриго Бентанкур ("Ювентус", Италия), Лукас Торрейра("Сампдория", Италия), Найтан Нандес ("Бока Хуниорс", Аргентина), Матиас Весино ("Интер", Италия), Диего Лаксальт ("Женоа", Италия).
  • Чабуулчулар: Эдисон Кавани (ПСЖ, Франция), Луис Суарес ("Барселона", Испания).
  • Башкы машыктыруучу: Оскар Табарес (Уругвай).

19:40. Орусия курамасынын тизмеси:

  • Дарбазачылар: Игорь Акинфеев ("ЦСКА", Москва).
  • Коргоочулар: Федор Кудряшов ("Рубин", Казань), Сергей Игнашевич ("ЦСКА", Москва), Илья Кутепов ("Спартак", Москва), Игорь Смольников ("Зенит", Санкт-Петербург);
  • Жарым коргоочулар: Александр Самедов, Роман Зобнин ("Спартак", Москва), Денис Черышев ("Вильярреал", Испания), Юрий Газинский ("Краснодар").
  • Чабуулчулар: Артем Дзюба ("Арсенал", Тула), Алексей Миранчук ("Локомотив", Москва);
  • Башкы машыктыруучу: Станислав Черчесов (Орусия).

19:42. Бул беттеште Уругвай курамасында Хосе Мария Хименес жаракат алгандан улам катышпайт. Ал эми Орусия курамасында бардык оюнчулар талаа үстүнө чыгууга даяр.

19:54. Командалар оюн талаасына чыгып, учурда Уругвайдын гимни жаңырууда.

19:56. Орусиянын гимни жаңырып оюнчулар беттешти баштоого даяр.

19:58. Топту оюнга алгач Орусия курамасы кошот.

20:00. Калыстын ышкырыгы жаңырып беттеш старт алды.

20:01. Матиас Весино алыскы аралыктан сокку узатып таамай боло алган жок. Топ дарбазадан 1 метр алыстыкта өтүп кетти.

20:02. Эдисон Каваниге каршы эреже бузулду, уругвайлыктар айып сокку аткарат.

20:03. Орусия курамасы чабуулга чыгып, бирок Уругвай сокку узатууга мүмкүнчүлүк берген жок.

20:04. Беттештин алгачкы мүнөттөрүн командалар төмөнкү ылдамдык менен өткөрүүдө.

20:05. Уругвай курамасы чабуулун ийгиликтүү аткарууга аракет жасоодо, бирок азырынча орусиялыктардын коргонуусу мыкты.

20:06. Орусия топту тартып алып контр-чабуулга чыкты, бирок Черышев айып аянтчага кирип келип топту тарттырып алды.

20:07. Каваниге каршы айып аянтчанын чийининде эреже бузулду, кооптуу айып соккуну уругвайлыктар аткарышат.

20:08. Юрий Газинский эреже бузганы үчүн сары айып кагазы менен белгиленди.

20:09. Г-о-о-о-о-л!!! Суарес айып соккуну мыкты аткарып эсеп санын ачты. Акинфеев бул соккуга жетишпей калды.

20:10. Орусиялык футболчуга каршы эреже бузулду, эми орусиялыктар айып сокку аткарат. Оюн эрежесин Диего Лаксальт бузду.

20:11. Денис Черышев айып аянтчага кирип келип сокку узатканга жетишти. Бирок Муслера анын соккусун кайтарганга жетишти. Орусия топту бурчтан чыгарат.

20:12. Самедовдун айып аянтчага көтөрүлгөн чыгарып берүүсүнө Муслера биринчи жетип, топту алып койду.

20:13. Дзюба контр-чабуулга чыгып, айып аянтчага кирип келүү аракетин көргөн, бирок аны уругвайлыктар жыгытканы менен калыс эреже бузууну байкаган жок.

20:14. Черышев талаанын орто бөлүгүндө эреже бузду. Топ уругвайлыктарда.

20:15. Черышев контр-чабуулдан айып аянтчага кирип келип өнөктөшүнө чыгарып берүү жасаган, бирок коргоочулар жакшы ойноп топту талаадан чыгарышты.

20:16. Бурчтан көтөрүлгөн топту Дзюба башы менен айып аянтчага багыттап таамай боло албай калды.

20:17. Учурда топко уругвайлыктар ээлик кылып, чабуулга чыгуу аракетин көрүүдө.

20:18. Денис Черышев кайран сол канаттан чабуулду курчутууда, анын айып аянтчага көтөргөн тобу коргоочуга тийип талаадан чыгып кеткен. Бирок калыс топту уругвайлыктарга калтырды.

20:19. Нандеске каршы талаанын орто бөлүгүндө эреже бузулду.

20:20. Статистикага көңүл бурсак 20 мүнөттүн жүрүшүндө Уругвай топко 53 пайыз ээлик кылды.

20:22. Уругвай курамасы топту бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгүн алды.

20:23. Г-о-о-о-о-л!!! 2:0. Акинфеев дарбазасын сактай алган жок. Лаксальтттын алыскы аралыктан узаткан соккусу Черышевге тийип дарбазага кирип кетти. Черышев автогол киргизди.

20:24. Топ учурда орусиялыктарда, өз талаасында эсепти ири кылбаганга аракеттенип жатышат.

20:25. Наитан Нандес Черышевге каршы эреже бузду.

20:26. Игорь Смольников Каванини жыгылтып оюн эрежесин бузду. Калыс орусиялык футболчуну сары айып кагазы менен белгиледи

20:27. Кавани Акинфеев менен бетме-бет чыгып гол киргизе албай калды. Акинфеев чабуулчунун соккусун кайтарганга жетишти.

20:28. Суарес алыстан айып аянчага чыгарылган топко бир аз жетишпей калды, топту Акинфеев анын алдынан чыгарып кетти.

20:29. Зобнинге каршы оюн эрежеси бузулду. Орусиялыктар айып сокку аткарат.

20:30. Айып соккуну Самедов аткарат.

20:31. Самедовтун айып аянтчага багытталган чыгарып берүүсү таамай болбой калды. Анын чыгаруусуна эч ким жетпей топ оюн талаасынан чыгып кетти.

20:32. Соккулар боюнча статистикада эсеп 4:2, Уругвай алдыда.

20:33. Орусиялык футболчулар чабуулга чыгуу аракети ишке ашпай жатат. Акыркы мүнөттөрдө топ орусиялыктарда гана болууда.

20:35. Смольников 2-айып кагазын алып оюн талаасын таштоого аргасыз.

20:36. Коопту айып соккуну Торрейра аткарып таамай боло алган жок.

20:37. Орусия курамасында алмаштыруу орун алды. Денис Черышевдин ордуна Марио Фернандес чыкты.

20:38.Самедовго каршы орой оюн орун алды, бирок калыс эреже бузууну байкаган жок.

20:39. Топко ээлик кылуу боюнча статистикада азырынча Орусия 50 пайыз, Уругвай 50 пайыз.

20:41. Артем Дзюба жакшы мүмкүнчүлүктө офсайд абалында болуп калды.

20:42. Бентакур талаанын ортосунда эреже бузду. Топ орусиялыктарда.

20:43. Миранчук сол канатта жайгашкан Дзюбага чыгарып берүү жасаган, бирок Дзюба ага жетпей топ талаадан чыгып кетти.

20:45. 1-таймдын негизги убактысы жыйынтыкталды, калыс 2 мүнөт кошуп берди.

20:46. Наитан Нандес атаандашынын айып аянтчасында эреже бузду.

20:47. Калыс Орусиянын чабуулун токтотту. 1-тайм аяктады.

21:02. Калыс ышкырып 2-таймга старт берди.

21:03. Алгачкы мүнөттөрдөн орусиялыктар эреже бузуп, Эдисон Кавани айып сокку аткарат.

21:04. Каванинин соккусу таамай болгон жок. Топ оюнчулардар түзүлгөн дубалга туш болду.

21:05. Тыныгуудан кийин Черчесов оюнчуларын алмаштырды. Юрий Газинскийдин ордуна оюнга Далер Кузяев кошулду.

21:06. Учурда уругвай курамасы топко ээлик кылып, чабуулга чыгуу аракетин көрүүдө.

21:07. Ласкальтка сол канатка чыгарып берүү аткарылган бирок ал топко жетпей калды.

21:08. Родриго Бентанкур топ үчүн талашта атаандашын кулатып эреже бузду.

21:09. Айып соккуну Самедов аткарып кайрадан таамай болгон жок. Анын айып аянтчага багытталган чыгарып берүүсү бир топ жогору болуп, топко өнөктөштөрү жеткен жок.

21:10. Кузяев оң канаттан чабуулду курчуткан, ал айып аянтчага кирип келүү аракетин көрүп топту талаадан чыгарып алды.

21:13. Орусия курамасы чабуулда эреже бузуп, калыс чабуулду токтотту.

21:14. Уругвай курамасы топко ээлик кылып, азырынча айып аянтчага кирип барууга аракеттенип атышат.

21:15. Родриго Бентанкур айып аянтчага кирип келип сокку узаткан, бирок топ коргоочуга тийип калды.

21:16. Бентанкур топ үчүн талашта эреже бузду. Топ орусиялыктарда.

21:17. Орусия курамасында 3-алмаштыруу орун алды. Фёдор Смолов Алексей Миранчукту алмаштырды.

21:18. Роман Зобнин айып аянтчага топту чыгарып берген, бирок топко өнөктөштөрү жеткен жок.

21:19. Родриго Бентанкур эреже бузуп сары айып кагазын алды.

21:20. Уругвай курамасында алмаштыруу орун алды. Родриго Бентанкурдун ордуна Жоржиан де Арраскаэта чыкты.

21:21. Кавани айып аянтчага кирип барып сокку узатканга жетишпей калды. Игнашевич анын алдынан топту тартып алып, чабуулду токтотту.

21:22. Дзюба топту айып аянтчадан кабыл алып Смоловго чыгарып берүү жасаган, бирок Смолов чыгарып берүүгө жетишкен жок.

21:23. Марио Фернандес топту айып аянтчага чыгарып берди. Бирок коргоочулар жакшы ойноп чабуулду токтотууга жетишти.

21:24. Касарес талаанын орто бөлүгүнөн кубаттуу сокку узатып, топ дарбазадан 1 метр алыстыкта өттү.

21:25. Эдинсон Кавани айып аянтчанын чийининен сокку узатып, таамай болгон жок.

21:26. Артем Дзюба айып аянтчага кирип келип, эреже бузууга үлгүрдү. Калыс ышкырып, чабуулду токтотту.

21:27. Дзюба жеңил жаракат алып калды. Ал топ үчүн талашта жаракат алды.

21:29. Уругвай курамасында алмаштыруу. Наитан Нандестин ордуна Кристиан Родригес чыкты.

21:30. Артеём Дзюба айып аянтчадан топту кабыл алып, дароо сокку узатты. Анын соккусу таамай болгон жок. Жакшы мүмкүнчүлүктү Дзюба колдоно алган жок.н

21:32. Талаанын орто бөлүгүндө Артём Дзюбага каршы оюн эрежеси бузулду. Топ Орусиянын карамагында.

21:33. Торрейра жаракат алды көрүнөт. Ал оюн талаасынан кетип медициналык жардам алууда.

21:34. Торрейра медициналык жардам алган соң оюнга кайрадан кошулду.

21:35. Мартин Касерес айып аянтчага чыгаруу жасап, ал жактан өнөктөштөрүн таба алган жок.

21:36. Кавани жакшы мүмкүнчүлүктү колдоно алган жок. Луис Суарес контр-чабуулда айып аянтчага кирип келип Каваниге чыгарып берүү аткарган. Кавани топко жетпей калып мыкты мүмкүнчүлүктү кой берди.

21:38. Кристиан Родригес айып аянтчанын сыртынан кубаттуу жана таамай сокку аткарды. Бирок Акинфеев топту кайтара алды.

21:39. Фёдор Кудряшов жаракат алып калып, беттеш убактылуу токтотулду.

21:40. Мартин Касарес бурчтан чыгарылган топту дарбазага багыттоо аракетин көрүп таамай боло алган жок.

21:41. Топко ээлик кылуу боюнча статистикада 56 пайыз менен Уругвай алдыда.

21:42. Федор Смолов уругвайлыктарды тынчсыздандырды. Айып аянтчага кирип келип 1 коргоочуну алдады. Андан соң Смолов Дзюбага топту чыгарып берген, бирок Муслера топко секирип тосуп алды.

21:43. Эдинсон Кавани кубаттуу сокку аткарган, бирок топ коргоочуга тийип талаадан чыгып кетти.

21:44. Дзюбага каршы эреже бузулду. Орусиялыктар айып сокку аткарат.

21:45. Айып соккуну кайрадан Самедов аткарып ийгиликсиз болду. Анын чыгарып берүүсү кайра эле өнөктөштөрүнөн жогору өттү.

21:46. Кристиан Родригес айып аянтчанын сыртынан кубаттуу сокку аткарып, аны Акинфеев топту кайтара алды.

21:47. Г-о-о-о-о-л! Кавани эсепти 3:0го айлантты.

21:48. Беттештин негизги убактысы бүтүп калыс 4 мүнөт кошуп берди.

21:49. Орусиялыктар акыркы мүмкүнчүлүгү менен колдонууга аракет көрмөкчү. Айып сокку аткарышат.

21:50. Айып соккуну Фёдор Смолов аткарып таамай болду, бирок Муслера топту тосуп алууга жетишти.

21:51. Калыстын ышкырыгы жаңырып беттеш аяктады.

21:52. Муну менен Уругвай курамасы "А" тайпасында 1-орун менен плей-офф баскычына өттү. Ал эми Орусия 2-орундан кийинки этапка чыкты.


кошулду
Уругвай-Орусия
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (31)
Rasul94
2018-06-25 20:52:42
Уругвайдын узун чачтуу жигиттери кучтуу экен.бирок мен Россияга элем дагы 45 минут бар кутолу
-2
Pchelka85
2018-06-25 20:53:36
Е мое. Жирковду и Головинди чыгарбайбы...
0
bond02
2018-06-25 20:56:49
Уругвай Россияны утуп бир демин суутсунчу, а то кочого батпай эле кыйкырып чыгышты эле.
+12
anonymous
2018-06-25 21:07:44
Орус ХХХХХХ ичиңер ачышып атабы?
+3
Baktikan
2018-06-25 21:26:04
ХХХХХХХХ utulsunchu bir,,,
+2
admin_superstan
2018-06-26 12:04:17
Baktikan,
Улуттар аралык түшүнбөстүк жараткан билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат!
-1
Baktikan
2018-06-25 21:26:53
Abraka dabra Urugvai alga
+5
kilim
2018-06-25 21:39:58
Бул темпте Россия 1/8финалда ири эсепте утулат го
+9
Alixan-Nookat.2015
2018-06-25 21:48:17
3:0 Кавани гол киргизди
+7
bond02
2018-06-25 21:52:37
3:0 кантип утуп алды дейм да Арабия менен Египетти ушул оюну менен, эми ыйлагыла!
-1
Alixan-Nookat.2015
2018-06-25 21:58:30
2:1 Египет женилди
-2
Milashkaa
2018-06-25 22:03:13
22 номер менен ойногон жинди экен
+2
Azat.97
2018-06-25 22:23:36
Булар мындай оюну менен ири эсепте утулат 100%.Испания же Португалияга
+7
jergetal
2018-06-25 22:27:16
Кана Россиянын куйормандары эми эмне дейсинер я ? Слабый командаларды утканда жон эле башынар кокко жетти эле ! Россия фуу .
+8
rysik79
2018-06-25 23:06:35
jergetal,испанияга дал келбеш учун болгон оюн башкысы бул оюн жана спорт
-5
Rasul94
2018-06-26 07:01:29
jergetal,эмне дейбиз биз Россияны не только оюнун эмес.элин жерин сыйлоо менен гана куйорман болуп атабыз.тушундун да
-1
pochtalyonin
2018-06-25 22:59:18
Кол кармашып жугургону жакты да ))))
-2
interpol
2018-06-25 23:17:12
Черчесевдин муруттары жардамга келе албаптырбы??????
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан