Бүгүн, 26-июнда Чычкан капчыгайында жеңил унаа сууга кулап 6 адам жабыркап, 1 киши көз жумуп, 1 адам изделүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматкери Айбек Сатыбалдиев SUPER.KG порталына билдирди.
Маалыматка караганда, кырсык саат 02:55 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 264-чакырымында катталган.
"Бишкек шаарынан Ош багытына бараткан Honda Stepwgn унаасынын айдоочусу 1948-жылы туулган Ж.Ж. рулду башкара албай унаа жолдон чыгып Чычкан суусуна түшүп кеткен. Унаанын ичинде 8 адам болгон, алардын ичинен 6 адам Токтогул райондук ооруканасына жеткирилген. Ал эми 1986-жылы туулган М.И. аттуу жарандын жансыз денеси унаанын ичинен табылган. Дайынсыз жоголгон адам 25-30 жаштар чамасындагы аял болгон, ал ӨКМнын кызматкерлери тарабынан изделүүдө", - деди Айбек Сатыбалдиев.
Маалыматтарга караганда, дайынсыз жоголгон аялдын 1 жаштагы баласы денесинен эч кандай жаракат алган эмес. Учурда ал Токтогул райондук ооруканасында дарыгерлердин көзөмөлүндө экени айтылат.