super.kg logo

Денеси каналдан табылган маркум аялдын эжеси: "Беш балалуу сиңдимди мыкаачылык менен ким өлтүргөндүгү табышмак болуп жатат"

 

Маркум Нуржамал.А."Жансыз денеси Баткендин Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айылындагы каналдан табылган сиңдимди ким өлтүргөнү белгисиз болуп жатат, ал тургай шектүү да аныктала элек", - деп билдирди маркумдун эжеси Шаадат Меңдибаева SUPER.KG порталына.

Аялдын мыкаачылык менен өлтүрүлгөндүгү медициналык экспертизанын жыйынтыгында белгилүү болгон. Анын баш сөөгүндөгү оң каракуш чыкый бөлүгү урулуп айрылган, оң жана сол бетинде жана сол көзүндө көгөргөн тактары бар, моюнунун үстүңкү жана ортоңку бөлүгү жип менен муунтулган, моюнунун бешинчи жана алтынчы омуртка сөөктөрү сынган. Ошондой эле жүлүн мээнин, баш мээнин жабык түрдөгү жаракаты, баш мээнин сол төбө челдеринин астында кан уюганы аныкталгандыгы буга чейин маалымдалган.

Меңдибаева окуя тууралуу төмөндөгүлөргө токтолду.

"Каргаша болгон 17-май күнү мурап болуп иштеген күйөө балам жумушта экен. Ал бир сутка иштейт, түнкү нөөмөттө калган. Сиңдим мага чалып "Эртең орозо кармабайбыз, 300 сомдон эгин талаага иштегенге төлөп жатыптыр, кызым экөөбүз барып иштейбиз" деген эле. Ошол биздин акыркы жолу сүйлөшүүбүз болду.

Эртеси мага чалышып сиңдиңиз ооруп жатат деп чакырышты, келсем каналдан жансыз денеси табылганын айтышты. Биз аны соттук-медициналык экспертизага бердик, жыйынтыгында сиңдимдин киши колдуу болуп каза болгонун билдик. Биздин милиция кызматкерлерине дообуз жок, бизге абдан жакшы көңүл бөлүп иштеп жатышат, бирок ушул кезге чейин сиңдимди ким өлтүргөнүнө илинчек табылбай жатат.

Ошол түнү ал уулу менен тапчанда жаткан экен, уулу эртең менен туруп караса апасы жок, күйөөсү келип аялым эгин талаага жумушка кеткен деп ойлоптур. Бирок сөөгү каналдан табылганын кабарлап чалышыптыр", - деди Меңдибаева.

Ошондой эле ал маркумдун ата-энесинин абалы аянычтуу экенин кошумчалап, алар үчүн болсо да сиңдисинин кырчындай өмүрүн кыйган адамды тапмайынча аракетин токтотпой тургандыгын белгиледи. Айтымында, өзү ата-энесинин үйүнө бара албай жатат, барса алардын "кызыбызды мыкаачылык менен өлтүрүүгө эмне себеп бар эле, эң шайыр кызыбызга ким мынчалык кас болду" деп кейип, көз жашын төккөнүн көрөт. Ата-энемдин мындай кыйналганын карап туруу оңой эмес дейт ал.

"Ооба, сиңдимди жерге берген күнү кудагый, күйөө балам менен пикир келишпестиктер болуп кетти. Кылмышкерди табууга биз эле кызыкдар болуп жатабыз. Күйөө балам да күнөөлүүнү табышууга кызыкдар болсо дейбиз. Сиңдимдин 5 баласы бар, улуусу 17де, кичүүсү 6 жашта.

Эми ар бир эле үй-бүлөдө көйгөйлөр болот, булардын үй-бүлөсү турмуш-тиричиликтен кыйналып жүрүшчү. Күйөө баламдын ата-энеси салып берген үйдүн бир бөлмөсүндө жашашчу. Дагы бир бөлмөсүндө өзүнүн кайын сиңдиси менен анын күйөөсү жашаган.

Сиңдим тирүү кезинде күйөө баламдын анча-мынча уруп, сабап койгонун байкачумун, бирок өзү бул тууралуу такыр айтып берген эмес. Үстүндөгү маңдайкы тиши жок эле, ошону сураганымда күйөө балаңыз уруп түшүрүп койду деген. Ал каза болгондон кийин териштирип уксам экөөнүн ортосунда аялын сабоо менен аяктаган чыр-чатактар көп эле болгон экен. Бирок сиңдим "мен күйөөмдү сүйөм, анын бардык мамилесине кайылмын" деп айтчу. Булардын баары өмүр менен ажалдын жанында кеп эмес, негизгиси биз биргеликте милицияга кылмышкерди табышууга көмөктөшөлү деген тилек", - дейт маркумдун эжеси.

Ал эми маркумдун күйөөсү Мирланбек Арзыбаевге байланышканыбызда кайнежесинин айткандарын четке кагып, жубайын өлтүргөн адамды табууга кызыкдар экенин белгиледи.

"Менин да башым катты, ким өлтүрүшү мүмкүн деп. Биздин айылда душманыбыз жок, аялым бирөө менен урушуп, кас боло турган адамдардан эмес болчу, ачык, шайыр мүнөз жан эле. Эч кимден карызыбыз жок болчу, мындан улам бирөө өлтүргөн дегенге ишенбей "капысынан каналга түшүп кетиши мүмкүн" деп айткам, аны эжелери мени экспертизага ишенбей жатат, өлтүргөн адамды табууга кызыкдар эмес деп түшүнүштү окшойт. Милиция иштеп жатат, мен өз алдымча эмне кыла алмак элем.

Аялым экөөбүз 18 жыл бактылуу жашадык, бири-бирибизге эч кандай нааразычылык жок. Экөөбүз сүйлөшүп, сүйүшүп үйлөнгөнбүз. Беш балам менен калдым, аларды өзүм багам, эч кимге ишенбейм, эч кимге бербейм", - дейт Арзыбаев.


кошулду


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(22)
27.06.2018. 10:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
79
Катталган:
05-03-2018
Соӊку аракети:
19-11-2018 18:53
Жынысы:
Белгисиз
+27
Кайнежеси куйоо баласынан шектенип жаткандай
27.06.2018. 10:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
50
Катталган:
01-07-2014
Соӊку аракети:
19-11-2018 09:59
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+13
Чын эле эмне болду экен?
27.06.2018. 10:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
657
Катталган:
30-04-2013
Соӊку аракети:
12-11-2018 22:04
Жынысы:
Белгисиз
+35
Кудай сактасын бирок куйоосундо кумон бар. Карызы жок болсо бироолор менен касташпаса, эгер касташа турган болсо эжеси же балдары билмек. Ошол куну тундо жумушта калмыш болуп балким тундо канал жакка чакырып ошол иш болгон. Аялынын акыркы телефон чалуусун текшеришсин. Мен жеке оюмду айттым. Тытмалап кетмей жок. Анткени кайненеси дагы кылмышкерди табууга кызыкдар эмес дейт маркумдун эжеси.
27.06.2018. 10:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
101
Катталган:
02-08-2015
Соӊку аракети:
19-11-2018 11:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
+20
aibars,талаага ишке кетсе мумкун кызганып урушуп кетип олтуруп алгандыр деген кумондор бар куйоосундо. Жондон жон эчкимге зыяны жок болсо ким олтурмок куйоосунон башка шектуу жок болуптур жатат бул жерде. Тооба кылдым
27.06.2018. 10:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
214
Катталган:
28-01-2012
Соӊку аракети:
19-11-2018 18:16
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
белгисиз
+27
aibars,дагы бир версия уйундогу кайын синдиси менен куйоо баласы да кумон туудурат. чатакташпады бекен деги алар менен...
27.06.2018. 10:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
19-07-2014
Соӊку аракети:
19-11-2018 14:32
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
ош
+32
Тиши сынганча уруп анан бактылуу жашадык деп.Тообоо тообоо.эркек болбой куруп кал.
27.06.2018. 10:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
105
Катталган:
11-08-2017
Соӊку аракети:
19-11-2018 20:24
Жынысы:
Белгисиз
+18
Куйоосун жакшылап текшеруу керек,
27.06.2018. 11:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
674
Катталган:
31-05-2017
Соӊку аракети:
19-11-2018 15:16
Жынысы:
Белгисиз
+14
Аялдар байкуш ушу кенда,куйоо Тишин сындыра урса деле балдарым атасы жок калбасын деп тиштенип жашай беришет,тагдыр деген ушул экен дер. Куйоосун неге текшеришпейт милиция???
27.06.2018. 12:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
297
Катталган:
23-12-2010
Соӊку аракети:
19-11-2018 21:13
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
osh
+15
каналга тушуп кеткидей каналдан суу алышпайт экен,шлянга мн тарттырып алышкан экен,кайнене кайнежеси мн бутпогон уруштары болгон экен бир уйдо турушуп эки башка тиричилик жургузушчу экен,балдарын кочого чыгарбай бироо мн такыр суйлоштурбой атышат экен
27.06.2018. 12:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
30-08-2017
Соӊку аракети:
18-09-2018 17:43
Жынысы:
Белгисиз
+11
Базарда иштеген, же бийликте иштеген аял болбосо ар кимден кумон санаганга.Олтургон адам жакындарынан эле.
27.06.2018. 14:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
216
Катталган:
17-07-2017
Соӊку аракети:
19-11-2018 20:16
Жынысы:
Белгисиз
+12
Кайын журтунан күмөн санап жатам менда
27.06.2018. 15:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
48
Катталган:
17-08-2017
Соӊку аракети:
19-11-2018 17:18
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ммм... карапайым айылда, уйдон чыкпаган аялды ким олтурмок эле?! жанагы кайын синди куйообалада кептин баары. Муну коп соз кылбай эле балдардан сураш керек...
27.06.2018. 15:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
488
Катталган:
26-11-2016
Соӊку аракети:
18-11-2018 02:24
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кайнжурт 100% куноолуу,олгон синдиси олду, балдар бар бар деп эжеси ачык айталбады ойлорун?!уйдо жанжал болгон эри олтуро чапкан. Кадамжайдын тергоочуулору иштин майын чыгаргыла эми
27.06.2018. 16:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
46
Катталган:
12-04-2017
Соӊку аракети:
18-11-2018 20:34
Жынысы:
Белгисиз
+4
Балдарынан сураш керек алардыда же уйротуп койдубукен
27.06.2018. 16:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1384
Катталган:
11-01-2017
Соӊку аракети:
19-11-2018 17:52
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кошо жашап, жанында жургондорду эле милицияда союз убагында иштеген адам суракка алса бир илинчек табат. Андай карапайым адамда кимдин аласа бересеси болмок эле.
27.06.2018. 23:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
255
Катталган:
28-05-2012
Соӊку аракети:
19-11-2018 14:53
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
нарын
+6
куйоосунун кокустан каналга тушуп кетиши мумкундеген созу шек жаратат. экспертиза киши колду деп атса кандай кокустан тушуп кетиши мумкун.
27.06.2018. 23:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
255
Катталган:
28-05-2012
Соӊку аракети:
19-11-2018 14:53
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
нарын
+2
эми Кудай милицияларга ыйман берип таап беришсе экен акча алып унчукпай калбай.
28.06.2018. 00:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
29-03-2016
Соӊку аракети:
13-11-2018 21:15
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан
+3
Тооба эмне дешти да билбейм. Чындыктыы Кудайдан жана маркумду озунон башка эчким билбейт. Кимге ишеништи да билбейсин. Куноолуу таабылып калсын эми!
28.06.2018. 02:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
98
Катталган:
26-10-2010
Соӊку аракети:
19-11-2018 18:44
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
KG
0
Куйосунон кормокмун туздон туз!
28.06.2018. 05:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
244
Катталган:
07-11-2017
Соӊку аракети:
18-11-2018 07:12
Жынысы:
Белгисиз
0
Жогоруда жазгандарга кошулам, куйоосу кайындарында бир кеп бар, ХХХХХХХХХХ ХХХХХХХХ почти бир ай болуптур милиция ХХХХХХХХХХХ журобу
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-06-28 09:38:20
28.06.2018. 12:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
19-12-2013
Соӊку аракети:
09-11-2018 15:20
Жынысы:
Белгисиз
+2
Куйоосу не болгонун билет 100%. Же озу кылган
28.06.2018. 15:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
04-05-2013
Соӊку аракети:
19-11-2018 14:04
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Мен туулган жер!
0
Куйоосу.... корбогондон кийин айтыш кыйын...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
117864;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: