Депутат Жээнчороев "ИИМдин өкүлү уюшкан кылмыштуу топтун лидерлеринин аттарын атай албай жатат" деп нааразы болду

"Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Мирлан Жээнчороев "Ички иштер министрлигинин Криминалдык милиция кызматынын башчысынын орун басары Мыктыбек Болушев уюшкан кылмыштуу топтордун лидерлеринин аттарын атай албай жатат" деп нааразы болду. Бул тууралуу ал бүгүн, 26-июнда Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинин жыйынында билдирди.

Жыйында Мирлан Жээнчороев Мыктыбек Болушевден канча уюшкан кылмыштуу топ бар экенин жана лидерлеринин аттарын сурады.

Болушев Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунда 530 мүчө бар экенин айтты. Бирок ал уюшкан кылмыштуу топтордун лидерлеринин атын атаган жок.

Мирлан Жээнчороев: "Эмне үчүн уюшкан топтордун лидерлеринин аттарын атай албай жатасыз? Алардын атын тергеш керекпи?" - дейт.

Болушев жашыра турган эч нерсе жок экенин айтып, алардын сүрөттөрү дагы бар экенин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kattaldym
2018-06-26 16:58:34
элесин тамашалап турган ондуу деп суротторун карап журо бергиле ошентип
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан