ЭЛДИК КАБАР: "Арстанбап-Ата айылынын тургуну өз демилге, каражаты менен 20 метр бийиктикке өлкөнүн желегин орнотту" дейт окурман

Базар-Коргон районуна караштуу Арстанбап-Ата айылына бийиктиги 20 метр болгон флагшток орнотулду. Маалыматты жергиликтүүлөр "Элдик кабар" рубрикасына билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, коомчулукту мекенди сүйүүгө, ынтымак, биримдикке чакырган иш-чара кечээ, 26-июнда болгон.

"Арстанбап-Ата айылындагы ишкер Мурадбек Мамадалиев желек орнотууну демилгелеп, өз каражаты менен өзү флагштокту даярдады. Айылдын борборундагы айыл өкмөттүн имаратынын жанына орнотулуп, салтанаттуу түрдө желекти көтөрүү аземи өттү. Ишкер өзүнүн бул аракетин Аймактарды өнүктүрүү жылына карата кошкон салымым деп түшүндүрдү", - деп жазылат маалыматта.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Мекенчил ишкер айылына желек орнотту
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
surgeon777
2018-06-27 11:32:45
Азаматсыз!Оз Мекенин суйуудо жана онугуусуно салым кошууда башка жарандарга улгу болуп жатасыз.
+1
Krai
2018-06-27 12:13:26
Бали чыныгы мекенчил патриот деп ушуну айт
0
Merelisha
2018-06-27 12:18:11
Сонун
0
ikitaidesu
2018-06-27 22:14:22
Эң туура кадам, биздин тойбос чоң сөөрөйлөрдөн үмүт кылып отурбай алга мекендештер!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан