"УКМК Кой-Таштагы жер тилкеси жеке жактарга сатылды деген жалган маалыматты таратканы үчүн түшүндүрмө бериши керек", - деп билдирди КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева.
"КСДПнын лидери Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы үйүнүн жанында жайгашкан УКМКга тийиштүү жер тилкесин сатып алды деген маалымат чындыкка дал келбестигин, жалган экенин расмий түрдө билдиребиз.
Биздеги маалымат боюнча, азыркы учурда ал жер тилкеси дагы деле УКМКнын карамагында турат. Жакында эле УКМКнын 9-кызматынын башчысы ал аймакка келип кетти. Алмазбек Атамбаевдин да, анын туугандарынын да бул жер тилкесине эч кандай тиешеси жок.
Бирок таратылган жалган маалымат коомчулуктун оюн адаштырууда", - деди КСДП өкүлү.
Эске салсак, буга чейин УКМК Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнүн жанындагы УКМКга тиешелүү болгон жер тилкеси жеке жактарга сатылганын маалымдаган.