27-июнга караган түнү АКШнын Лас-Вегас шаарында UFC'нин президенти Дана Уайттын 3-ирет өткөрүлүп жаткан Contenders Series Tuesday Night мелдеши орун алды.
Мелдештин алгачкы беттешинде Кыргыз мушкери Антонина Шевченко эрөөлгө чыкты. Антонина Шевченко 57 килограмм салмак ченинде АКШлык Жемейлин Ниевера менен кез келди. Беттештин 2-раундунда Антонина Шевченко атаандашын техникалык нокаут менен жеңип алды. Бул жеңиш Кыргыз мушкерге эрежесиз уруш боюнча дүйнөнүн эң беделдүү уюму менен келишим түзүүгө мүмкүнчүлүк алып келди.
Эске салсак, UFC уюмунда Валентина Шевченко катышат, ал Антонина Шевченконун сиңдиси болот. Валентина Шевченко эрежесиз уруш боюнча 18 беттеш өткөрүп, анын ичинде 15 жолу жеңишке жетип 3 жолу жеңилүү ызасын тартып калган. Ал эми Антонина Шевченко буга чейин эрежесиз уруш боюнча 5 беттеш өткөрүп, анын баарында тең жеңишке жеткен.