Малайзиянын мурдагы премьер-министринин камакка алынган байлыгы 277 миллион долларга бааланууда

Малайзиянын мурдагы премьер-министринин камакка алынган байлыгы 277 миллион долларга бааланууда. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, полиция кызматы Малайзиянын мурдагы премьер-министри Нажиб Разакка тиешелүү болгон алтын салынган 25 сумка, 12 миңге жакын кымбат баалуу буюмдарды, "Hermes" фирмасынын 567 сумкасын, 423 кол саатын, 234 даана көз айнегин жана 26 валютадагы акчаларын камакка алган. Жакынкы мезгилде Разак жана анын жубайы сурак беришет.

Белгилүү болгондой, бул Малайзиянын тарыхындагы эң ири мүлктү камакка алуу болуп эсептелет.

Өкмөт 1MDB мамлекеттик фондунун тегерегиндеги коррупциялык чыр-чатактын негизинде иликтөө ишин жандандырган. Разак 2015-жылы аталган фондго байланыштуу уюмдан 700 миллион доллар алганы боюнча айыпталып келет. Кийинчерээк Малайзиянын башкы прокурору Мохамед Апанди Али андан коррупция боюнча айыпты жокко чыгарып, акча Сауд Арабиянын падышасынын үй-бүлөсүнүн атынан белек катары берилгенин айткан.

Нажиб Разак 1976-жылы 23 жашында депутат болгон. Ал эми 1978-жылы болсо энергетика министринин орун басары болуп дайындалган. 2004-2008-жылдары каржы министри, 2008-2009-жылы коргоо министри болуп эмгектенген. Ал эми 2009-жылы премьер-министр кызматына келген.

Малайзияда 9-майда парламенттик шайлоо өтүп, 92 жаштагы ардагер саясатчы Махатхир Мохамаддын оппозициялык биримдиги жеңишке жеткен. 10-майда Малайзиянын падышасы Махатхир Мохамадды өлкөнүн премьер-министрлигине дайындаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан