Милиция Бишкек шаарында токтоп турган унаадан смартфон, акча уурдаганга шектүү жаранды кармады

Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери автоунаадан буюм уурдап жүргөнгө шектүү адамды кармады. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 23-июнь күнү шаар тургуну арыз менен кайрылган. Анда арыз ээси түнкү саат 23:00дөр чамасында шаардагы көчөлөрдүн биринде токтоп турган унаасынан белгисиз адам Xiomi redmi 4X үлгүсүндөгү телефонун, 1200 сом акчасы жана документтери салынган капчыгын уурдап кеткенин жазган.

Бул факты боюнча тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (Уурулук) менен кылмыш ишин козгогон.

"Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө милиция бул кылмышка шектүү катары 36 жаштагы С.М.ны кармаган. Анын мурда дагы ар кандай кылмыш иштерин жасап сот жообуна тартылгандыгы аныкталды. Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайда, тергөө иштери улантылып жатат", - деп жазылат маалыматта.

Биринчи Май райондук милициясы сүрөттөгү жарандан жабыркагандар болсо (0550) 102-360, (0557) 102-292, (0556) 077-102 номерлерине байланышып коюуну суранат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
patiydin
2018-06-28 10:48:15
ХХХХХХХ суротун толук корбосо кантип айтсын.
0
Baatirbek81
2018-06-28 15:06:59
Ыкчам иликтөөсү жок эле көчөдөн кармап келгенго,болбосо бетин ачып койбойсунарбы эмнесинен таанылат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан