super.kg logo

6 ай бою чала тааныш кызды кордоду делген жигит: "Жарандык никеде жашоо туура эмес деп ал кыздан бөлүнүп кетсем, милицияга арыз жазыптыр"

 

Ушул жылдын 26-июнь күнү Айжамал (аты өзгөртүлдү) аттуу кыз "мени чала тааныш жигит 6 ай бою кордоп жүрдү, ошонун кесепетинен ооруканага түштүм" деп SUPER.KG порталына кайрылган.

Айжамал өзүнүн сөзүндө таанышым батир таап берем деп үйүнө алып барып, эшикти бекитип алып, сыртка чыгарбай 1 апта бою зордуктап, уруп-сабады деген.

Биз милиция кызматкерлери менен биргеликте Айжамалды зордуктады делген Жыргал (аты өзгөртүлдү) аттуу жигиттин үйүнө барып, экинчи тараптын пикирин угуп келдик.

"Мен ал кыз менен февраль айында Сары-Өзөн-Дыйкан базарында араба сүйрөп иштеп жүрүп таанышып калдым. Ал кафеде официант болуп иштечү. Ал жашаганга жери жок, кафеде жатып иштеп жүргөн. Жумушта кожоюну менен урушуп кетип "жашаганга жайым жок, үйүңө түнөп турайын" деп айтты. Мен аны батириме алып келдим, ошентип биз жарандык никеде эки ай бирге жашап калдык", - деди ал.

Ошондой эле Жыргал жарандык никеде жашоону туура көрбөй, Айжамалга айтып, башка жакка көчүп кеткенин, ошондон кийин Айжамал Жыргал мени зордуктады деп Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө арызданганын белгиледи.

"Ал милиция бөлүмүндө "мен бул баланы каматпайм, жакшы көрөм" деп тосмо арыз жазып берди. Андан кийин ал "никеден өтөбүз, болбосо мен сени жөн койбойм деди. Ошентип Орозо айында мечитке барып нике окуттук. Айжамал нике окуткандан кийин 3 күн гана чогуу жашап, үйдөн кетип калды. Кийин менин үстүмөн "мени уурдап кеткен" деп кайрадан арыз жазыптыр.

"Сиңдисине чалсак, "Ал үйгө келип эле сулап жыгылды, ооруп калыптыр, силер бир нерсе кылыпсыңар, биз силердин үстүңөрдөн арызданабыз" деди. Алар да "Мени Айжамалды уурдап кетти" деп арыз жазыптыр. Биз апам экөбүз кайрадан Ленин райондук милиция бөлүмүнө бардык.

Айжамал ошол жерден мени менен бирге жашай албасын айтты да, талак бер деди. Биз ошол жерден ажырашып, эки жолго түштүк. Мен Айжамалды 14-июндан бери көрө элекмин, учурда айдоо аянтында иштеп, үй-бүлөмдү багуудамын", - деди Жыргал.

Жыргалдын апасы Айжамал менен уулунун никеге турганын ырастады. Анын айтымында, башында Айжамалга үйдөгү шартты түшүндүрүп, уулун ага кийинчерээк үйлөндүрөрүн сунуштаган. Бирок кыз ага көнгөн эмес.

"Ал биринчи жолу милицияга арызданып, кайра арызын кайтарып алган соң, мен аны үйгө алып келип, "кызым, биз ушундай шартта жашайбыз, дагы акча табалы, анан силерди баш коштурабыз" десем болгон жок. Аргасыздан аларды мечитке алып барып никеден өткөрүүгө мажбур болдум.

Айжамалдын апасына байланышып, кызыңызды келин кылып алдык деп айтсам, силер жиндисиңерби, кызым үй-бүлөлүү, 3 баласы бар деп айтты. Кийин Айжамал телефондон апасынын номерин өчүрүп салыптыр, ошол бойдон кыздын ата-энеси менен байланыша албай калдык.

Бирок Айжамал "мен мындай шартта жашай албайм" деп 3 күндөн кийн кетип калды, жөн кетпей "мени уурдап кетти” деп биздин үстүбүздөн Ленин райондук милиция бөлүмүнө кайра арыз жазыптыр. Ошол учурда кыздын эжеси бизге чалып 50 миң сомго чейин акча бергиле деп да жүрдү. Айжамал болсо милиция бөлүмүндө мага талак бер деп уулум менен ажырашып кеткен.

Бирок ал кыз бир жума мурун ооруканага жатып алып уулумдун үстүнөн Биринчи Май РИИБине арыз жазыптыр.

Учурда Айжамалдын айылдаштары аны 1994-жылы туулган эмес, 1991-жылы туулган келин, аты-жөнү башка, 3 баланын энеси деп айтып жатышат", - деди Жыргалдын апасы.

Бул окуя боюнча Чүй ОИИББинин маалымат кызматы Айжамалдын буга чейин Ленин РИИБине эки жолу арыз жазганын ырастап, бирок Айжамалдын тосмо арызына жана медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык кылмыш иши козголбогонун билдиришти. Ал эми анын Биринчи май РИИБине жазган арызы боюнча медициналык экспертизанын жыйынтыгынан кийин укуктук баа бериле тургандыгын билдиришти.


кошулду


Зордуктоого күнөөлөнгөн жигит: "Ал кыз суукта көчөдө калганда боорум ооруп үйүмө киргизгем"

Автор: Сталбек Абдижалил уулу
Оператор: Руслан Алыбаев
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(32)
Super TV
28.06.2018. 15:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
229
Катталган:
11-04-2012
Соӊку аракети:
16-11-2018 11:48
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
тынчтык
+2
Аялы экен да нике кыйылса.Бала жоош жакшыдай эле го.
28.06.2018. 17:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
85
Катталган:
12-09-2017
Соӊку аракети:
16-11-2018 12:49
Жынысы:
Белгисиз
+22
Кыз бир нерсени коздогон анан анысы болбой калып,ар турдуу шылтоолор менен баланы каралап, бир нерсе ондургусу бар окшоп жатат.
Super TV
28.06.2018. 17:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
20-12-2016
Соӊку аракети:
16-11-2018 10:29
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
+2
Кыз көптү көргөн карышкыр окшойт.. Жигит анчалык деле жаманга окшобойт , эми кудай гана билет кимдин сөзү чын , кимдин сөзү жалган.
28.06.2018. 17:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
314
Катталган:
31-05-2017
Соӊку аракети:
14-11-2018 22:21
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ангегине жараша донгогу дейт мындайды,экоондо тен бар окшойт. Казыр кимисне ишенерин да билбейсн
28.06.2018. 17:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
314
Катталган:
31-05-2017
Соӊку аракети:
14-11-2018 22:21
Жынысы:
Белгисиз
+10
Алты Айдан бери чогуу жашап журушсо,анан кайдан чала тааныш жигит болот??? Чала тааныш деген омурундо бир эки коргон кишини айтчу элего кыргызда???
Super TV
28.06.2018. 17:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
80
Катталган:
10-03-2010
Соӊку аракети:
13-11-2018 21:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Сулукту
+2
Менимче, бул бала жакшы эле бала окшойт. Кунуно 300-400 сомго кантип жашаса болот. Жалгыз озу иштейт окшойт. Сураныч, жеке ишкерлер болсо жумуш берип койсонор болот эле. Кыз балким андай жашоого чыдабай Кетип, анан ошолорду ойлоп жатат окшойт.
28.06.2018. 17:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
05-03-2018
Соӊку аракети:
16-11-2018 03:27
Жынысы:
Белгисиз
+14
Жакшы кыз эч убакта бироонун уйуно жашап турайын деп барбайт ата энеден тарбия коргон кыз ата энесинин уйуно барат жашап турайын деп . Короче бул дагы катардагы акылы жок бир кыз
28.06.2018. 18:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
17-12-2015
Соӊку аракети:
17-08-2018 13:21
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Bishkek.
+3
States,Оа туура айтасыз жакшы кыз болсо антпейт болчу кызда экенин корунуп туратго кордукго мындайларды
Super TV
28.06.2018. 17:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
17-12-2015
Соӊку аракети:
17-08-2018 13:21
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Bishkek.
+1
Балеенин баары кызда турбайбы билинип эле туратго бала анча жашабайт экен андан тажаса керек колунда барларды издесе.Бир шылтоо табып бир балеени кылган атканго.Иши кылып ишенбей да калдым биздин айылда да ушундай случи болгон кыз жакшынакай эле баланы алдап ата энем жок жетимин деп байкуш болуп балага тийет бала жалгыз болгондуктан ал балага укмуш тойун берип 1 жумалап той берген.Бала жакшы турушчу колунда Анан тойлор бутуп уйундогулору коноко кетишсе Келин уйундогу болгон апасынын алтын
Super TV
28.06.2018. 18:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
17-12-2015
Соӊку аракети:
17-08-2018 13:21
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Bishkek.
+2
Кумушунун баарын,Уйундогу 60000 миндей акчасын анан дагы холодильниктеги чучугун,этине чейин которуп качып кетиптир.
Super TV
28.06.2018. 18:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
17-12-2015
Соӊку аракети:
17-08-2018 13:21
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Bishkek.
+1
Дагы бир случи озумдун эле боломдун аялы дагы боломду алдап тийген ата энем каза болуп калган бир эжем эле бар ал куйоодо мен оз жанымдын озум багып чонойгом деп 1994 жылкымын паспортумду жоготуп алгам деп калп айтып жашап жургон байкуш тайжемдер ата энеси эрте каза болуп ата энеге зар болуп чонойгон ошого карап боору оруп уй булоо кылышкан тойун берип .Анан мына эжем коноко барган сайын келинибиздин кылыктары чыга баштады келин алдым деп суротун корсотсо эле кызды тааныгандар ата энеси
Super TV
28.06.2018. 18:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
17-12-2015
Соӊку аракети:
17-08-2018 13:21
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Bishkek.
+1
Тируу 1994 жылкы эмес 1998 жылкы 2 жаштагы баласы бар неме экен.Корсо Мурун эле жаман кыз экен кыздыгын тиктирип тийиптир боломо.Еше бир жерде иштеп журуп акча уурдап милицияда розыскада экен бут данныйын таап караштырсак.анын баарын кечирип жашатып жатса Боломду уктатып койуп ар ким менен сурот жиберишип жазышып жаткан жеринен кармап алдык кимге сурот жибергенине чейин.Болом баарын кечирдим жашай берем еки аял ады деген атка кономбу деп жашап жаткан.Анан уйдогуор коноко кетсе уйдон качып кетипт
Super TV
28.06.2018. 18:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
17-12-2015
Соӊку аракети:
17-08-2018 13:21
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Bishkek.
+3
кетиптир.Дайыны жок.дагы бироону какшатып же дагы бироону алдап журот болуш керек Эгерде суротун коргоз десенер коргозом ошондойлордон сак болгула баарын изилдеш керек экен абайлап.
28.06.2018. 18:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
314
Катталган:
31-05-2017
Соӊку аракети:
14-11-2018 22:21
Жынысы:
Белгисиз
-7
Aibekaiym,жаман ушакчы окшойсун,эркек башын менен
28.06.2018. 19:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
88
Катталган:
13-06-2016
Соӊку аракети:
16-11-2018 11:06
Жынысы:
Белгисиз
+7
Созуно карасак Эне бала жакшы эле кишилердей корунот кыздаго дейм балеенин баары
28.06.2018. 20:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
293
Катталган:
30-05-2011
Соӊку аракети:
15-11-2018 21:17
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
germahiya
-3
А ким анда ур токмокко алды муну?
28.06.2018. 20:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
243
Катталган:
07-11-2017
Соӊку аракети:
16-11-2018 04:18
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыз копту коргон неме го, биринчи айтып берген историясы эле чындыкка окшошпой ататкан, эгер кыздыкы калп болуп куру доомат кылган болсо анда ложный заявления кылган учун озу жазаланышы мумкун, бирооно ор казам деп озу тушпосо болду, калптын да казаны кайнабайт дейт.
29.06.2018. 07:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
220
Катталган:
03-11-2011
Соӊку аракети:
08-11-2018 15:26
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Россия
+1
Эжелери 50000 сом сураганына караганда акча алыш учун жолго барганго
Super TV
29.06.2018. 08:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
02-02-2018
Соӊку аракети:
08-11-2018 14:02
Жынысы:
Белгисиз
0
Алдаган экен бул келин дагы коптөрдү алдайт
29.06.2018. 09:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
342
Катталган:
19-05-2014
Соӊку аракети:
16-11-2018 11:55
Жынысы:
Белгисиз
+5
Балада куноо жок окшойт,а кыз балким дагы бироону алдап ошондон токмок жегендир анан бул баланын устунон арыз жазгандыр тигиге алы жетпей.
29.06.2018. 10:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
08-09-2017
Соӊку аракети:
15-11-2018 23:12
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кимдин ким экенин билип уйлонуш керек
29.06.2018. 10:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
903
Катталган:
16-08-2015
Соӊку аракети:
05-11-2018 18:44
Жынысы:
Белгисиз
+4
Балада куноо жок100%.Кыз аны азгырган алдаган байкуш жоош эркек алданып калды
29.06.2018. 10:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
903
Катталган:
16-08-2015
Соӊку аракети:
05-11-2018 18:44
Жынысы:
Белгисиз
+2
Туура чечим чыгаргыла соттор
29.06.2018. 12:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
41
Катталган:
17-01-2014
Соӊку аракети:
14-11-2018 14:49
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бала алдамчылык боюнча кыздын устунон арыз жазса болот. адвокат алса жакшы жол корсотот элек
29.06.2018. 20:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
235
Катталган:
25-02-2013
Соӊку аракети:
07-11-2018 17:59
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кереметтүү жерде.
0
Бул бала дагы, кыз дагы иши кылып бири-бириңе төп келипсиңер.
Super TV
30.06.2018. 12:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
19-12-2013
Соӊку аракети:
09-11-2018 15:20
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мындай жалганчы кыздар Эл арасында кобойду.Мен да коргом мындай кыздын бирин. Жолдошумдун туугандарынан болот 2жолу уйлонуп ажыоашкан бирок балалуу болгон эмес. 3чусун 10 айлык баласы мн алган бала кылып алам деп.бирок ошол жакшылыкты билген жок ал да жетиммин деген бирок энеси бар Атасы башка аялы бар экен. Ээри талак айткан экен озун Акташ учун алдап тийиптир 10000 мин сомдук кийим кылдырып 3000сомго телефон алдырып айнектен чыгып качып кетти . 15 кун жашап
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
117727;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: