Трамп менен Путиндин качан жолугары белгилүү болду. Анда Сирия менен Украина маселеси талкууланат

АКШ президенти Дональд Трамп менен Орусия лидери Владимир Путин 16-июлда жолугушат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар аталган эки өлкө президенттеринин администрацияларына шилтеме берүү менен жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, жолугушуу Финляндиянын борбору Хельсинки шаарында болуп өтөт.

Аталган шаарда 11-12-июль күндөрү НАТОнун саммити орун алат. Аталган иш-чарадан кийин гана Трамп менен Путин жолугушмай болду.

"Эки өлкө жетекчилери жолугушуу учурунда АКШ менен Орусиянын мамилесинин өнүгүшүн жана эл аралык актуалдуу маселелерди талкуулашат. Айрыкча, Сирия жана Украина көйгөйүнө да кеңири токтолушат. Андан сырткары эл аралык коопсуздук боюнча да пикир алышмакчы. Аталган жолугушуу АКШ президентинин коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтондун Москвага жасаган сапарынан кийин так болду", - деп жазышат басылмалар.

Эске салсак, аталган эки лидердин акыркы жолугушуусу 2017-жылдын аягында болуп өткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
s81
2018-06-29 10:42:32
Путин бош келбейт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан