Жогорку Кеңештин иш башкармалыгына караштуу 30 батирлүү үй бар. Бул тууралуу бүгүн, 29-июнда маалымат жыйында Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков билдирди.
Анын айтымында, алыскы аймактардан шайланган турак жай сатып алууга мүмкүнчүлүгү жок 15ке жакын депутат кызматтык батирде жашайт.
“Айыл өкмөттүн башчысы, мугалим болуп иштеп келген депутаттар бар. Аларга кызматтык үй берилген. Кызматтык батирден баш тартуу боюнча токтомго кирген эмес”, - деди ал.