super.kg logo
  Саясат  

КҮНСОБОЛ: Жогорку Кеңеш 1 жыл ичинде эмнелерге жетишти? Кандай кемчиликтерди кетирди? (толукталды)

 

Кечээ, 28-июнда Жогорку Кеңеш акыркы жалпы жыйынга чогулуп, каникулга тарады. Парламенттин ар бир сессиясы маанилүү чечимдер, кызуу талкуулар менен эсте калат эмеспи. Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Жогорку Кеңеш 1 жыл ичинде эмнелерге жетишти? Кандай кемчиликтерди кетирди?" деген собол салды.

ЖУМАБЕКОВ: "Парламенттин кемчиликтери - бул жыйынга пассивдүү катышуулар, депутаттардын туура эмес ой-пикир билдирип алганы"

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков парламенттин ишин "эл үчүн, мамлекет үчүн" деп алдыга жылдырууга депутаттардын жана анын өзүнүн аракети дайым ачык жана түз экенин айтты.

"Кемчиликтер боюнча эл өзү баа берсин. Ар кандай комментарийлер айтылып жатат, мен аларды карайм, окуйм, депутаттар да карайт. Ошол кемчиликтерди кетирбегенге аракет кылабыз. Мисалы, жыйынга пассивдүү катышуулар, депутаттардын туура эмес ой-пикир билдирип алганын кемилчиликтер деп айта аламын. Бирок жалпы саясий чечимге келгенде парламент бүгүнкү күндө өзүнүн ишин алып барып жатат. Жогорку Кеңеш элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн саясий чечимдерди көрсөттү", - деди Жумабеков.

АСАНБЕКОВ: "Жогорку Кеңеш коом алдында парламенттик башкарууга даяр эместигин көрсөттү"

"Мекен ынтымагы" партиясынын лидери Темирбек Асанбековдун пикири боюнча, партиялар да, депутаттар да өз милдеттерин так аткара алган жок.

"Жогорку Кеңеш жалпы коом алдында өздөрүнүн парламенттик башкарууга даяр эместигин көрсөттү. Саясий идеялары, программалары, туруктуулук принциптери жокко эсе. Көпчүлүк депутаттар жеке кызыкчылыктарын көздөп, партия тартиптеринин эрежесин, кодексин сактоо деген түшүнүктөрү төмөн экендигин далилдешти. Мамлекеттин саясий-экономикалык абалы өтө оор болуп жатканын билип турса да, мазмунсуз ич ара бири-бирин каралоого, интригаларга алаксып, эл аралык саясаттагы мамлекеттүүлүктү бекемдөө, азыркы өтө оор абалдагы экономикалык жана социалдык кризисти чечүү программаларын парламентте отурган партиялардын бири да сунуштай алган жок.

Мамлекетте бийлик бутактарын талашуу, жеке киреше табуу ресурстарынын агымын талашуу багытындагы ыймансыз кезектеги конъюнктуралык саясий интригалар башталды. Бул терс саясий процесстер келечекте улуттук экономикага өтө оор коркунучтарды алып келет. Коррупция меселесинин пайда болуу себебин далилдебей туруп, саясий популизм ыкмалары менен коррупцияга каршы чара көрүү экономикадагы акча каражат капиталына коркунуч алып келип, экономика стагнациясы пайда болот. Инвесторлор саясий компромисс таба албаган, стратегиялык экономика багытын илимий багытта негиздей албаган мамлекетке эч качан келбейт. Менин жеке каалоом ушул оор, туура эмес багытта кетип бараткан саясий-экономикалык процесстерге Сооронбай Жээнбеков терең маани берип, сабырдуулук менен саясий туура чечим кабыл алат деген үмүттөмүн", - деди Асанбеков.

САРИЕВ: "Жогорку Кеңеш Атамбаевге жана Жээнбековго ылайыктуу парламент болду"

Саясат таануучу Марс Сариев билдиргендей, Жогорку Кеңеш бул сессияда экс-президент Алмазбек Атамбаев, азыркы президент Сооронбай Жээнбеков менен иштешти. "Эксперттер Жогорку Кеңешти таратат деп айтып жатты эле. Жээнбеков өз сөзүндө парламент тарабай турганын айтты. Жогорку Кеңеште бай бизнесмен адамдар иштейт. Ошондуктан Атамбаевге дагы Жээнбековго дагы ылайыктуу болду. Оппозиция болгон жок. Конструктивдүү иштесе жакшы болмок. Бирок азыркы учурда Жээнбеков коррупция менен күрөшүп жатканда аны колдогону жакшы көрүнүш. 2020-жылы конструктивдүү башка парламент келсе жакшы болмок", - деген пикирде Сариев.

ЖОРОЕВ: "Парламент жетелеме орган деген сын болуп келген. Бирок өткөн жылы да мындан айырмаланган жок"

Саясат таануучу Эмилбек Жороевдин айтымында, былтыр парламент үчүн чоң мааниге ээ жыл болду.

"Өткөн жыл парламент үчүн чоң мааниге ээ эле. Өлкө президентти шайлады. Эски президент кетип, жаңы президент өзүнүн командасын түзүп жатканда, албетте, парламенттин таасири өзгөчө мааниге ээ болду. Бирок былтыр сентябрда парламент жаңы эле жумушка киришкен кырдаал такыр башкача болчу, башка президент болчу. Ал толук түрдө жаңы аткаруу командасын түзүп жаткан, парламент чоң таасир берди.

Буга чейин парламент сөзгө калып: "Жетелеме орган болду. Президенттин айтканын гана аткарып калган" деген сындар айтылып келген. Албетте, муну моюнга алышыбыз керек. Өткөн жылы да мындан айырмаланган жок. Парламент жылдын жарымында Атамбаевдин дооруна туура келсе, экинчи жарымында Жээнбековдун учуруна дал келди. Ошондой эле парламенттин да эки кишиге, эки кишинин командасына сыны, мамилеси башкача болду", - деди Жороев.

НУРАКУН УУЛУ: "Азыркы Жогорку Кеңеш өкмөттүн пайдалуу иштешине чоң салым кошту"

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу парламенттин дарегине кандай сын-пикирлер түшүп жатканын айтты.

"Адистер, журналисттер мыйзамдардын шашылыш кабыл алынып жатканын, жыйындарга пассивдүү катышууну, парламенттин чыгымын сынга алып жатышты. Мындан тышкары "депутаттар өз кызыкчылыгын гана коргошот, алар көбүнчө бизнесмендер, парламентте лобби кылышат" деген далилге негизделбеген сындар айтылып жатты.

Артыкчылыктар тууралуу айтсак, азыркы парламент чоң саясий чечимдерди кабыл алууда депутаттар активдүү катышты. Мисалы, президенттик шайлоонун таза өтүшү, мамлекеттик бюджеттин кабыл алынышы, жөлөк пул маселесин чечүү. Негизгиси, Жогорку Кеңеш өкмөттү катуу көзөмөлгө алды. Вице-премьерлер, министрлер палата алдында отчёт берип турушту. Мурдагы чакырылыштарда өкмөттүн жогорку деңгээлде парламент алдында жооп берип турганы азыраак болгон. Жогорку Кеңеш өкмөттүн жакшы, пайдалуу иштешине чоң салым кошту", - деди Нуракун уулу.

БАЙСАЛОВ: "Парламент мыйзам долбоорлорун окубастан эле кабыл алып коюп жатканына ынандым"

Коомдук ишмер Эдил Байсалов Жогорку Кеңеш мыйзам долбоорлор менен таанышпай туруп эле колдой берет деген пикирде.

"Парламенттин ушул сессиясы абдан кызыктуу болду. Өздөрү деле "эки өкмөттү кетирдик" деп айтып жатышат. Мурунку президентти узатып, жаңы президентти кабыл алып, ага да көнүштү. Мени таң калдырган окуяларга токтолоюн.

Парламент "3 жашка чейинки балдарга жөлөк пул төлөйбүз, калгандарына төлөбөйбүз" деген мыйзамды кабыл алышты. Мен ошондо булар мыйзамды түшүнүп жатабы деп таң калгам. Себеби бул мыйзамды бай өлкөлөрдөн эле көрүп келип алышып, эсеп жүргүзбөй эле кабыл алышкан. Күзүндө бул мыйзам боюнча эл көчөгө чыгып, анан 1-январга чейин мыйзамды тез арада карап чыгышты. Мен ушул мыйзам эле эмес, чоң, миллиарддаган мыйзам долбоорлорун окубастан эле чийки боюнча бир добуштан кабыл алып коюп жатканына ынандым.

Мени дагы бир таң калтырган маселе болду. Атамбаев кетерде Казакстандын бизге берген 100 миллион долларлык жардамынан бир добуштан 1 секундда баш тартышты. Мен ошону түшүнбөй калдым. Бири дагы: "Айланайын туугандар! Биздин жакыр элибизге ошол акча керек. Биз кантип ошол сунушталып жаткан акчадан баш тартып жатабыз? Бул президент эртең-бүрсүгүнү кетет. Ошол акча менен жетишпеген жерлерибизди бүтүрүп алсак болот", - деп чыккан жок. Депутаттар ар бир мыйзам долбоору, токтом менен таанышып, өздөрү жыйындарга катышабы деген суроо мени кыйнайт. Жогорку Кеңешке парламенттик демократия деп бүт бийликти өткөрүп берип койдук. Бирок алар биздин ишенимди актап жатабы? Тарыхый жүктү көтөрүшүп жатабы? Мен бул маселеде тууралуу мурун эле шекшип жүргөм. Бирок азыр тынчсызданып баратам. Булар оңдолбосо болбой калды", - деди Байсалов.

АЙТАЛИЕВ: "Жогорку Кеңештин бир жыл ичинде жакшы иштерин байкаган жокпуз"

Жарандык активист Бекназар Айталиев Жогорку Кеңештин бир жыл ичинде жакшы иштерин деле байкабаганын айтты.

"Бир аз элге пайдалуу болуп кеткени жерлерди трансформациялоо мыйзамын кабыл алганы болду. Бирок өкмөт өзүнүн туура эмес кадамдарын кошуп, мыйзам чийки болуп калды. Эл жок дегенде ошого ыраазыбыз деп отурат. Жогорку Кеңештин кемчиликтери көп. Былтыр мөңгүнү талкалоого жол берген. Суу кодекси боюнча мыйзамды 3 окуудан колдошту. Жөлөк пул жөнүндө кабыл алган мыйзамдын айынан миңдеген балдар жөлөк пул албай жүрүшөт.

Сапар Исаковдун отставкасы тууралуу айтсам, ал деле кыйраткан өкмөт башчы болгон жок, көптөгөн кемчиликтерди кетирип алды. Бирок Жогорку Кеңеш Исаковдун ишин канааттандырбай, ошол эле отчётту Мухаммедкалый Абылгазиев көтөрүп келсе канааттандырды. Мындан улам Жогорку Кеңештин принциби жок, чала кайым болду. Президенттин саясатына жараша иштешет", - дейт Айталиев.


кошулду


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
118101;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: