Ысык-Көл облусунда "Чыгыш электр" ишканасынын кызматкери ур-токмокко алынды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына "Чыгыш электр" ишканасынын басма сөз кызматкери Гүлмира Тониева билдирди.
Анын айтымында, окуя 27-июнда Өрүктү айылында катталган. Анда Чолпон-Ата шаарынын электриги Р.Усубакунов жана анын кесиптештери Т.Б. аттуу абонентинин электр жарыгы үчүн 529 сом карызды төлөбөгөнү үчүн жарыкты өчүрүп башташкан. Мындан улам Т.Б. аттуу абоненттин баласы жана достору электрикти ур-токмокко алышкан. Анын кесепетинен Р.Усубакунов Ананьево айылынын ооруканасына жеткирилген.
Бул окуя боюнча Чолпон-Ата райондук электр тармагы Ысык-Көл райондук ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылган. Учурда РИИБ соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгын күтүүдө. Ал эми кызматкер ооруканада дарыланууда.