Коомдук ишмер Эдил Байсалов: "Парламент мыйзам долбоорлорун окубастан эле кабыл алып жатканына ынандым"

28-июнда Жогорку Кеңеш акыркы жалпы жыйынга чогулуп, каникулга тарады. SUPER.KG порталы "Жогорку Кеңеш 1 жыл ичинде эмнелерге жетишти? Кандай кемчиликтерди кетирди?" деген соболуна коомдук ишмер Эдил Байсалов жооп берди.

Байсалов Жогорку Кеңеш мыйзам долбоорлор менен таанышпай туруп эле колдой берет деген пикирде.

"Парламенттин ушул сессиясы абдан кызыктуу болду. Өздөрү деле "эки өкмөттү кетирдик" деп айтып жатышат. Мурунку президентти узатып, жаңы президентти кабыл алып, ага да көнүштү. Мени таң калдырган окуяларга токтолоюн.

Парламент "3 жашка чейинки балдарга жөлөк пул төлөйбүз, калгандарына төлөбөйбүз" деген мыйзамды кабыл алышты. Мен ошондо булар мыйзамды түшүнүп жатабы деп таң калгам. Себеби бул мыйзамды бай өлкөлөрдөн эле көрүп келип алышып, эсеп жүргүзбөй эле кабыл алышкан. Күзүндө бул мыйзам боюнча эл көчөгө чыгып, анан 1-январга чейин мыйзамды тез арада карап чыгышты. Мен ушул мыйзам эле эмес, чоң, миллиарддаган мыйзам долбоорлорун окубастан эле чийки боюнча бир добуштан кабыл алып коюп жатканына ынандым.

Мени дагы бир таң калтырган маселе болду. Атамбаев кетерде Казакстандын бизге берген 100 миллион долларлык жардамынан бир добуштан 1 секундда баш тартышты. Мен ошону түшүнбөй калдым. Бири дагы: "Айланайын туугандар! Биздин жакыр элибизге ошол акча керек. Биз кантип ошол сунушталып жаткан акчадан баш тартып жатабыз? Бул президент эртең-бүрсүгүнү кетет. Ошол акча менен жетишпеген жерлерибизди бүтүрүп алсак болот", - деп чыккан жок. Депутаттар ар бир мыйзам долбоору, токтом менен таанышып, өздөрү жыйындарга катышабы деген суроо мени кыйнайт. Жогорку Кеңешке парламенттик демократия деп бүт бийликти өткөрүп берип койдук. Бирок алар биздин ишенимди актап жатабы? Тарыхый жүктү көтөрүшүп жатабы? Мен бул маселеде тууралуу мурун эле шекшип жүргөм. Бирок азыр тынчсызданып баратам. Булар оңдолбосо болбой калды", - деди Байсалов

Жогорку Кеңештин спикери Дастанбек Жумабеков, Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы Ибрагим Нуракун уулу, "Мекен ынтымагы" партиясынын лидери Темирбек Асанбековдун пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан