ЭЛДИК КАБАР: "Шамалды-Сайда суу тартуучу насос иштебей, дыйкандар кыйналууда" дейт окурман

Таш-Көмүр шаарынын Шамалды-Сай шаарчасындагы Кудук-Сай айылында эгин талаасына суу жетишпей дыйкандар кыйынчылык тартууда. Мындай маалыматты окурман бүгүн, 2-июлда "Элдик кабарга" жөнөттү.

Окурмандын айтымында, жетекчилердин аткарбаган убадаларынан улам 250 гектар эгин аянты куурап калуу алдында турат.

"Өзүбүз Шамалды-Сай шаарчасында турабыз, бирок биздин талаага суу тарткан насостор Ноокен райондук жетекчилердин жоопкерчилигинде. Суу тарткан 3 насостун учурда бирөөсү гана иштеп жатат. Эккен эгиндерибиздин баары дээрлик куурап калды, абал абдан кыйын. Жыл сайын оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүшөт, бирок эскилиги жеткен насостор кайра эле сугат маалында жарактан чыгып калат. Жетекчилер бул жабдыктарды жаңысына алмаштырып, көйгөйүбүздү чечип беребиз деген убадасын аткарбай жатышат", - деп жазган окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Шамалды-Сайдагы куураган коон-дарбыздар
Шамалды-Сайдагы эккен эгиндер кургап жатат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан