Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда жергиликтүү жарандан 100 миң сом акча талап кылып, унаасын тартып алган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Токтогул РИИБине арыз менен Токтогул районунун тургуну жабырлануучунун апасы арыз менен кайрылган. 17-май күнү 23 жаштагы Т.А.дан Токтогул шаарынын тургундары акча опузалап талап кылып, уулуна таандык болгон ВАЗ 2106 үлгүсүндөгү автоунаасын коркутуу жолу менен алып койгондугу жазылган.
"Жогоруда көрсөтүлгөн белгисиз адамдардын кыймыл-аракетине карата Кылмыш-жаза кодексинин 170-беренеси (опузалап акча талап кылуу) менен кылмыш иши козголду. Алгач кылмышка шектүүлөрдүн арасынан 20 күн мурда бирөө кармалып, калган 4 адам изин жашырып качып жүргөн. Кылмыштын бетин ачуу максатында, Жалал-Абад облусунун уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгы жасаган ыкчам иш аракеттердин негизинде кылмышка шектүүлөр 28-июнь күнү толугу менен кармалды. Алар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү катарында ИИМдин каттоосунда турган, Токтогул шаарынын тургундары болгон. Алар 24, 23 жана 22 жаштагы балдар болгон. Алардын баш коргоо чарасы райондук сот тарабынан каралып, 2 айга камакка алынды. Учурда Токтогул РИИБинин тергөө кызматы иликтөө иштерин жүргүзүүдө", - деди маалымат катчы.