super.kg logo

"Мектепти мугалимдер оңдоп-түзөөгө милдеттүүбү?" деген маалыматты жөнөткөн окурман "ЭЛДИК КАБАРдын" июнь айындагы жеңүүчүсү болду

 

Мугалим - мөмөлүү дарак. Ал эми ошол мөмөлүү дарак аталган кесип ээлери Кыргыз мамлекетинде эң аз айлык алышат. Билим берүү министрлигинин маалыматына таянсак, Кыргыз өлкөсүндө иштеген 75 миңдей мугалим учурда орто эсеп менен 13 миң cом эмгек акы алат. Мугалимдер болсо орточо айлык мындан бир топ аз экенин айтышып, эмгек акынын көлөмү алардын эмгек стажына жана сабак берген саатына жараша болорун айтышат. Ошондой эле азыркы базар шартында бул каражат күнүмдүк оокаттан ашпай турганын белгилешет.

SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына окурман 11-июнь күнү "Мектепти оңдоп-түзөөгө мугалимдер милдеттүүбү?" деген суроого жооп алгым келет", - деп жазган. Кабар жарыялангандан кийин дароо окурмандардын талкуусун жараткан. Анда көпчүлүгү оңдоп-түзөө иштерине мугалимдер катышпоосу керектигин, ал үчүн мектепке атайын акча бөлүнөрүн айтышып, мындай окуя кайсы мектепте болгонуна кызыгышкан.

Бул көйгөй тууралуу SUPER.KG порталы Билим берүү жана илим министрлигине байланышканда канааттандырарлык жооп бере алган жок. Маалымат катчыга 4-5 жолу бул маселе тууралуу байланышканыбызда, ал жооп даярдалып жатканын айткан. Жоопту алуу үчүн биз кайрадан байланышканыбызда 6-7 жолку телефон чалууну алган жок.

Талкуу жараткан бул көйгөйдү "Элдик кабарга" маалымдаган окурман бул рубриканын июнь айындагы жеңүүчүсү деп табылды.

Анда "Өзгөн районунун Куршаб айылындагы мектепте оңдоо иштери жүрүп жатат, жыл сайын мектептерди оңдоп-түзөө иштери мугалимдерге жүктөлөт. Андан кийин гана каникулга тарашат. Бул райондогу бардык эле мектептерде ошондой тартип иштегенин билем. Айрым мугалимдер мындай жумуштарды аткара албай, өздөрүнүн чөнтөгүнөн акча төлөп, башка адамдарга жасатышат. Мектепти оңдоо иштерин мугалимдердин моюнуна жүктөө туурабы?" - деген жеңүүчү.

Видео жарыялангандан кийин бул маселе коомчулуктун кызуу талкуусун жаратып, мугалимдердин негизги көйгөйлөрүнүн биринин айтылышына себепкер болду. "Элдик кабардын" июнь айындагы жеңүүчүсү менен таанышканыбызда, ал мындай нерсеге кайдыгер карай албай тургандыгын билдирди. Жеңүүчү (өзүнүн каалоосу менен аты-жөнү жазылган жок) "Жубайым бул кесиптин ээси болгондуктан, бул көйгөй мугалимдердин негизги маселеси", - деди ал.

- Айтсаңыз, бизге кабар жөнөтүүгө эмне түрткү болду?

Келинчегим мектепте мугалим болуп эмгектенет. Жыл сайын каникул башталганда эле мектептеги оңдоп-түзөө иштерине чуркап жүрөт. Бул жолкусун айылдагы адамдарды акчага жалдап өзүнө тийиштүү жерге оңдоо иштерин кылдырыптыр. Буга абдан ачуум келди. "Эмнеге мектеп жетекчилиги бул ишти өз көзөмөлүнө албайт?" деп сураштырсам, "окуу жылы аяктаганда ар бириңер классты сырдап, актайсыңар деп милдеттендирген" дешти.

- Мугалимдердин аз айлык алышы, анан дагы мектепти оңдоп-түзөө иштерине кол кабыш-кылуусу, дегеле мугалимдерге карата мамилеге болгон оюңуз?

Биринчиден, мугалимдердин кадыр-баркын көтөрүш керек. Себеби ата-энелер баласынын окуудагы кемчиликтерин, тартип бузууларын, дагы да башка нерселери үчүн мугалимди күнөөлөп келишет. Анан кайдагы кадыр-барк? Бул кесиптин адамдарына көңүл буруп, билим берүүдөгү маселелерди чечиш керек. Айлык акы маселеси болсо мен айткан күндө да чечиле турган түрү жок.

- Сиз жөнөткөн маалымат коомчулуктун талкуусун жаратат деп күттүңүз беле?

Ооба, анткени бул мектептердеги чыныгы көйгөй. Бул нерсе алыскы айыл жерлеринде, анан мектеп ичиндеги негизги маселе. Министрлик оңдоп-түзөөгө акча бөлүп жаткан соң эмнеге мектеп аны мугалимдерге милдеттендирет? Сабак бергени аз келгенсип, эми жайкысын классын жыйнап чыгышы керекпи?! Мындай ыкма кайсы жерде колдонулат экен?! Бул маселени мектеп жетекчилиги чечип, мугалимдерге болгон салкын мамилени өзгөртүш керек.

"ЭЛДИК КАБАРдын" 2017-жылдын июль айынан тарта жеңүүчүлөрү:

2017-жыл, июль - Якутияда кыргыздар жашаган жатакана күйүп кеткенин кабарлаган окурман (Якутия).

2017-жыл, август - Туристтердин "Сулайман-Тоо" музейинин түштөнүүгө кеткен кызматкерлерин күтүп жаткандыгын кабарлаган окурман (Бишкек шаары).

2017-жыл, сентябрь - Балдары мектепке кабыл алынбай жатканын кабарлаган эне "Элдик кабардын" сентябрь айындагы жеңүүчүсү болгон (Бишкек шаары).

2017-жыл, октябрь айы - Баткен облустук ооруканасынын төрөт бөлүмүндөгү таракандардын көптүгүн кабарлаган окурман (Баткен облусу).

2017-жыл, ноябрь айы - Ош шаарындагы өспүрүм балдардын түн ичинде суукка карабай кайыр сураган балдардын маселесин көтөргөн окурман ноябрь айынын жеңүүчүсү болгон (Ош шаары).

2017-жыл, декабрь айы - Бишкек шаарында жайгашкан №3-балдар ооруканасында дем алыш күндөрү орун алган көп сааттык кезек күтүү тууралуу жазган окурман (Бишкек шаары).

"ЭЛДИК КАБАРдын" 2018-жылдагы жеңүүчүлөрү:

2018-жыл, январь айы - Өзгөн районуна караштуу Көлдүк айылындагы Р.Конкошев атындагы №12-орто мектебинин окуучулары өтө кооптуу мектепте окуп жаткандыгын кабарлап, сүрөттөрүн жөнөткөн окурман (Ош облусу).

2018-жыл, февраль айы - Кичи автобустун айдоочусу телефон чукулап бара жатып, башка унаа менен сүзүшүп кете жаздады деп маалымдаган окурман (Бишкек шаары).

2018-жыл, март айы - Бишкек шаардык №3-балдар ооруканасына жакындары тарабынан сабалып түшкөн 8 жаштагы кыз жөнүндө маалыматты жөнөткөн окурман (Бишкек шаары).

2018-жыл, апрель айы - Ноокатта сүйгөн кызына барып, сабалган жигиттин окуясын жөнөткөн окурман.

2018-жыл, май айы - Айдоочу жол тандабас унаасы менен инспекторду жөөлөй айдады деген маалыматты жөнөткөн окурман




кошулду


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(23)
01.07.2018. 14:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
471
Катталган:
05-05-2018
Соӊку аракети:
24-09-2018 01:31
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Уч-Коргон
0
Э анда эртен мен класстарды окуучулар ремонттоого милдеттуубу деп чыгам
01.07.2018. 14:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
39
Катталган:
16-05-2018
Соӊку аракети:
23-09-2018 23:08
Жынысы:
Белгисиз
+4
Куттуктайм женуучуну бирок сууроосуна неге жооп жоок неге
01.07.2018. 14:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
77
Катталган:
21-10-2011
Соӊку аракети:
23-09-2018 02:20
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Океандын ары жагы
+5
Мугалимдер эмес окуучулар жасайт го ремонтту
Ата энелер акча чогултабыз жылда
Ошол акчага жалдап жасатышат
01.07.2018. 15:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
06-01-2018
Соӊку аракети:
20-09-2018 18:30
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошол акчага мугалимдер оздору ремонт иштерин кылышат алы жетбегендер Адам жалдап ремонт кылып жатышбайбы козубуз менен коруп келе жатабыз.
altyn11 түзөттү 2018-07-01 15:22:39
01.07.2018. 16:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
19-10-2016
Соӊку аракети:
20-08-2018 18:01
Жынысы:
Белгисиз
+3
Суперчилер билим беруу министрлигине кабарлагылачы же сурагылачы тийиштуу адистен мен да мугалиммин чынында жададык мугалимдер каникулда деле чакыра берет бизди чоп жул эшик эликти тазала ж.б каяктагы техниктердин ишине деле норм эс алуу да болбойт
02.07.2018. 01:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
148
Катталган:
04-07-2017
Соӊку аракети:
24-09-2018 02:19
Жынысы:
Белгисиз
0
janymjamal,эн туура айткан.Пригород мектебида ошондой чакыра берет чоп жулганы ремонту кече 20июньда бутушту.бирок отпускага 1 июньдан чыгышкан 20кундон бери журушот байкуш мугалимдер.телефондорун очуруп койушсада таап чакыртып жатышат.эмнеге тушунбойсун.бир чара копулсо болот эле жогору жактагылар.президентибизда Мугалим болгон биринчи кесиби.тан каламда эмнеге ушундай койгойлорго конул бурбаганына.именно Жээнбеков шайлонун алдында соз берди эле мугалимдердин айлык акы койгойун деп.убадасын атк
02.07.2018. 18:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
104
Катталган:
01-07-2014
Соӊку аракети:
23-09-2018 12:29
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Mikra, Туура айтасыз!Телефондорун очуруп койсо деле чала берет. ЖЕТЕКЧИЛЕР оздорунукун туура деп башка мугалимдин оюу менен эсептешпейт.Мына 1_ай болду дагы деле барып жатабы! Просто ужас....
01.07.2018. 16:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
19-10-2016
Соӊку аракети:
20-08-2018 18:01
Жынысы:
Белгисиз
+1
Анан лагы орточо айлык 13мин деген каяктагы бир кеп мен 20саат сабак учун 7000ди зорго алам
01.07.2018. 16:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
260
Катталган:
01-10-2017
Соӊку аракети:
05-08-2018 22:56
Жынысы:
Белгисиз
-2
Эми аялына жумушта кысуу огойлоо башталат . Анонимность кылып берсенер жакшы болмок
01.07.2018. 17:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
28-06-2015
Соӊку аракети:
15-08-2018 13:43
Жынысы:
Белгисиз
+2
karakulja,анон эле болуп туратго, кайсыл жерде турат аты жону жазылганы
01.07.2018. 16:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
02-04-2013
Соӊку аракети:
19-09-2018 05:30
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин балдарым Бишкек шаарында номер 67 мектепте окушат. Биз ар жылы жыл акырында ремонтко деп эжекесине 200 сомдон беребиз,бироону жалдап жасатам болбосо ата- энелер озунор келип ремонт жасагыла дейт.Айыл мугалимдери жоош болушатго, шаардагы мугалимдер оздору ремонт жасашпайт, жасаса да акчасын бизден чогултуп алат.
01.07.2018. 17:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
194
Катталган:
02-04-2013
Соӊку аракети:
23-09-2018 01:27
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Орустун батири
0
Менин ата-энем да мугалимдер.Бизде да мугалимдер ар ким оз классын краскалап ондоп,анан каникулга тарайт.Эгер жогорку класстын класс жетекчиси болсо,окуучулардан жардам сурайт.Жардамдашат.
01.07.2018. 17:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
13-10-2014
Соӊку аракети:
23-09-2018 14:41
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Токтогул
+1
Ой тообо жыл бою берген 100 сомунда милдет кылышат окуучулар ремонт кылат деп.Менин ата-энем мугалим,бала болуп коргон эмесмин ошол акчаны чонтоко салганын,ал акча билим беруу министрлигине которулат... суроонор барбы?
01.07.2018. 18:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
31-01-2018
Соӊку аракети:
23-09-2018 22:12
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айыл жеринин баарында эле мугалимдер оздору ремонт кылып ал аз келгенсип РАЙОНО келип откозуп аларда дагы барып журушот
01.07.2018. 18:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
22-04-2017
Соӊку аракети:
24-09-2018 06:49
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул кабар боюнча министрликтен жооп алып беришет го деп куткон элем,ушуга конкреттуу жооп алып бергилечи супер,силерден сураныч
01.07.2018. 22:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
39
Катталган:
16-05-2018
Соӊку аракети:
23-09-2018 23:08
Жынысы:
Белгисиз
+1
Супер сураныч билим министиринен ушул суроого жоооп алып бергилечи элдин баары кутуп жатат
01.07.2018. 23:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
329
Катталган:
28-04-2017
Соӊку аракети:
23-09-2018 21:43
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азыркы эн койгойлуу маселе. Женуучу татыктуу аныкталыптыр. Азаматсынар Суперчилер. Министирликтен жооп алып берсенер, воопще соз жок.
02.07.2018. 01:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
25
Катталган:
29-05-2014
Соӊку аракети:
24-09-2018 01:18
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Озумдун айылым
+1
Менин да апам мугалим болуп эмгектенген учурда ушундай болчу, каникул учурда да жөн эс алдырбай мектепке чакырып классыңды ремонтто дечү, жада калса мугалимдерди мектептин астында өскөн чөптөрдү жулгузчу, менда ушул ишке тийиштүү жерлерден жооп алгым келет эмне мугалимдер милдеттүүбү мектепти жайкы эс алууда оңдоп түзөгөнгө?
02.07.2018. 07:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
08-07-2017
Соӊку аракети:
08-07-2018 07:54
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
кара балта
0
жооп алып бергиле Алексеевка мектеби да ошол Жайыл районунун
02.07.2018. 11:48 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
4715
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
23-09-2018 12:19
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Супер-Инфо
0
Саламатсыздарбы! Маалымат толукталды. Бул көйгөй тууралуу SUPER.KG порталы Билим берүү жана илим министрлигине байланышканда канааттандырарлык жооп бере алган жок. Маалымат катчыга 4-5 жолу бул маселе тууралуу байланышканыбызда, ал жооп даярдалып жатканын айткан. Жоопту алуу үчүн биз кайрадан байланышканыбызда 6-7 жолку телефон чалууну алган жок.
02.07.2018. 13:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
87
Катталган:
01-11-2011
Соӊку аракети:
12-09-2018 14:46
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
бишкек
0
Бут эле мектептер ошол. азыр мугалимдер отпускада эс алып жатышат. ушул июль айынын аягында жумушка чыгышат. анан башталат актамай, жууп тазаламай, сырдамай анан короодогу чопторду жулдуруп тазаламай. мугалимдер ошол жумуштарды айла жок кылышат. кылбай корчу директор асылганы асылган. аягында бир шылтоо таап жумуштан айдап жиберет же мугалим чыдабай арызын жазып кетип калат.мен апама далай жардам бергем мектептин килейген коридорлорун актап сырдап. бир эле класс болсо жыргабайсынбы
02.07.2018. 21:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
14-03-2017
Соӊку аракети:
23-09-2018 23:07
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушу билим берүү министрлик бир суроого жооп берсе кана?Биздин айылда пенсионер мугалимдер өтө көп .Жаштарга сабак деле тийбейт .Пенсионерлерди кет дегенге закон жок деп мектепте жаш мугалимдерди демалып тургула быйыл дейт директорубуз.Министрлик пенсионерге пенсиясын көбөйтсө жаш кадрларга иш орундары көбөймөк.Канчалаган мугалимдер Россияда жүрүшөт мектепте орун жоктугунан.Супер инфо жооп алып бергилечи Пенсионер мугалимдерге качан закон иштеп чыгышат экен?
03.07.2018. 13:19 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
4715
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
23-09-2018 12:19
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Супер-Инфо
0
motavar,
Саламатсызбы! Сунушуңуз эске алынат, рахмат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114567;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: