Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева: "Ишкерлерге шарт түзүп берүү зарыл"

Өкмөт бизнести текшерүүгө 3 жылдык мораторий жарыялады. SUPER.KG порталынын мындай чечим пайда алып келеби же зыянбы деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева жооп берди.

Ал бизнести текшерүүгө убактылуу тыюу салууну колдой турганын айтты. "Салыктар түздөн-түз түшүп, көмүскөдөгү экономикадан чыгышыбыз зарыл. Өкмөт бизнести текшерүүгө 3 жылга мораторий жарыялап, текшербейбиз деп койбостон, бизнеске шарт түзүп, салыктын казынага түшүшүнө шарт түзүшү керек. Ошол эле мезгилде мыйзамсыз же акча өндүрүү үчүн текшерүү иштерин жүргүзгөндөрдү токтотуу зарыл", - деди Касымалиева.

Жогорку Кеңештин депутаттары Сайдулла Нышанов, Айсулуу Мамашова, Зиядин Жамалдинов, ишкер Эмил Үмөталиев, экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаевдин пикири бул шилтемеде.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан