Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдинов: "Бизнести текшерүүгө мораторий жарыялоонун пайдасы жана зыяны бар"

Өкмөт бизнести текшерүүгө 3 жылдык мораторий жарыялады. SUPER.KG порталынын мындай чечим пайда алып келеби же зыянбы деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдинов жооп берди.

Ал ишкерлерди текшерүүгө 3 жылдык мораторийдин жарыяланышы бир жагынан пайда болсо, экинчи жагынан зыян алып келет деген пикирде. "Бул чечим жеке ишкерлерге колдоо көрсөтүү болуп эсептелет. Эгерде мыйзамдын негизинде иштеген жеке ишкерлер болсо анда пайда. Ал эми экинчи жагынан көмүскөдө иштегендер болсо, алар салык төлөбөй текшерүүгө эч ким бара албай калат. Ошондуктан эки жагын тең кароо зарыл", - деди Жамалдинов.

Жогорку Кеңештин депутаттары Аида Касымалиева, Айсулуу Мамашова, Сайдулла Нышанов, ишкер Эмил Үмөталиев, экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаевдин пикири бул шилтемеде.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан