Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев Ооганстандын Кичи Памир жана Чоң Памир жергесинен келген эки үй-бүлө Кыргыз мамлекетинен кетүүгө камынып жатканын айткан.
Нарын облусунун өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Айнура Дүйшөк кызы Нарынга жайгаштырылган памирлик кыргыздарга көрүлгөн камкордук жана учурда айтылып жаткан сын-пикирлер тууралуу социалдык түйүндөгү баракчасына жазып чыкты.
"Өкмөттүн тапшырмасына ылайык, жергиликтүү облустук, райондук, шаардык бийлик боордошторду камкордукка алып келет. Адеп, 3 айлык адаптация учурунда облус бийлиги тарабынан график түзүлүп, ар бир райондун жана шаар тургундары жардамдары, кийим, маданий программалары менен учурашып барып турушту. Жалпы суммасы 1 миллион сомго чукул каражат сарпталды. Мындан тышкары өкмөт тарабынан 3 миллион сомго чукул каражатка тендер жарыяланып, 8 үй-бүлө, 49 адамга ылайыктап тамак-аштын түрлөрү, азыктар, үй тиричилигине керектүү эмеректер алынып берилди. "Кайрылман" макамы берилип, жөлөк пул чектелген", - деп жазылат билдирүүдө.
Айнура Дүйшөк кызы памирлик кыргыздардын жаштары 4 класстык билим алышканын белгиледи.
"Билимге суусап турган балдарды окутуу улантылды. Нарын шаарындагы Ү.Асанов атындагы мектеп-лицейинде 9-17 жаштагы 10 бала өкмөттүн тапшырмасына ылайык, тездетилген окуу программасы боюнча 2 окуучу 1-4 класстардын программасын өздөштүрсө, 8 окуучу 1-3-класстардыкын өздөштүрдү. Балдар 15-июндан баштап каникулга тарап, күзүндө окуусун улантат.
Ал эми 18 жаштан жогорку 8 памирлик Нарын шаарындагы №87-кесиптик лицейинде окуп, "жеке компьютер колдонуучу" сертификаттарын алды. Алардын ичинен алтоо Памирге жакындарына сагыныч таратканы барып келгени жатышат. "Элин сагынбас эр болбойт, үйүрүн сагынбас жылкы болбойт" деген кеп бар. Ушул курстун бүтүрүүчүлөрүнүн экөө үй-бүлөлүү. Жубайларын балдары менен Памирге калтырып окууга келген. Ал эми жай мезгилинде Нарында калып жаткан дагы эки бүтүрүүчү Кабул шаарында мектепти аякташкандар. Ооганстандан документтерин күтүп жаткан учуру экен. Документтери келсе университетке тапшыруу ниеттери бар.
Ат-Башыга бөлүнгөн 2 үй-бүлө балдардын окуусуна карап убактылуу келгенин башында эле эскертишкен. Азыр туугандарынын балдарын кошо алып учурашканы Памирге барууга камданып турушат. Калганы пландарын өзгөртүп жатканын түшүнө билели", - деп айтылат.