Ушул жылдын 1-майынан 25-июнуна чейинки аралыкта Ош шаарынын аймагында 5 адам өзүн өзү өлтүргөн. Бул тууралуу ИИМдин Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. 25-июнь күнү 1976-жылы туулган жаран аталган шаардагы Исанов көчөсүндө жайгашкан өз үйүндө өзүн-өзү асып өлгөн. Өзүнө өзү кол салган жарандардын арасынан буга чейин экөө асынып, бирөөсү өзүн өзү атып, ал эми бирөөсү боюн чоң сууга таштап каза болгон. Ошондой эле өзүн өзү өлтүрүү максатында уксус, димедрол жана башка дары заттарды ичип уулангандардын саны 32ни түзгөн.