КҮНСОБОЛ: Жогорку Соттун 3 судьясына көзү азиз акынды мыйзамсыз кармоо боюнча кылмыш иши козголду. Бул окуянын артында эмне турат деп ойлойсуз?

Тектеш кабарлар: КҮНСОБОЛ (404 материал)

Кечээ, 2-июлда башкы прокурор Жогорку Соттун үч судьясына көзү азиз акын Темирлан Ормуковду мыйзамсыз камакка алган деген негиз менен кылмыш ишин козгоду. Мындан 3 ай мурун болгон окуядагы мыйзам бузуу эми гана айтылып жаткандыгынын түйүнү башка жакта экенин айтышууда. Ошол себептен SUPER.KG порталы "Бул окуянын артында эмне турат деп ойлойсуз?" деген собол жүргүздү.

ТОКБАЕВА: "Бул окуянын артында эмне турганын божомолдой албайм"

Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева бул окуянын артында эмне турганын божомолдой албай турганын айтты. "Бул окуянын артында эмне турганы боюнча ачык, так жооп бере албайм. Темирлан Ормуковдун иши 15 күндө каралышы керек эле, бирок Жогорку Соттун канцеляриясы аны 30 күндө каралчу иштердин катарына кошуп койгон. Ишти кароо узарып кетип, аны караган судьяларга кылмыш иши козголгон. Бирок менин оюмча, мөөнөттү создуктуруп койгону кылмыш ишин козгоого негиз боло алабы же жокпу деген маселе бар. Тиешелүү органдар юридикалык баа берет. Соттук системдин тарыхында мындай окуя буга чейин болгон эмес", - деди Токбаева.

БЕКЕШЕВ: “Судьялар кичине катачылык кетиришти, өздөрү моюнга алышы керек”

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевдин пикиринде, судьяларга жеңилирээк чараларды деле колдонсо болмок.

“Кандай киши болбосун ар бир адамдын укугу сакталышы керек. Судьялар жөнүндө айта турган болсок, чындыгында алар кичине катачылык кетиришти, муну өздөрү моюнга алышы керек. Бирок ошол эле учурда башка деле жоопкерчиликке тартуу жолдору бар, мисалы, жумушунан кетирсе болот. Мындай жол менен кете берсек анда 400 судьяга тең иш козгош керек болот, себеби бардык судьяларда ушундай катачылыктар бар. Башкы прокуратура бул нерсеге жакшы көңүл бурбай жатат.

Менин оюмча, Жогорку Соттун ошол орундары бирөөлөргө керек болуп жатат, себеби алар "11 күн отура берсин" деп чечпейт да, ЖАМК соттун токтомун алгандан кийин жибериш керек болчу. Бул жерде СИЗОнун күнөөсү бар, судьялардын тиешеси жок. Жабырлануучу өзү деле арыз жазган жок”, - деди Бекешев.

ХАСАНОВ: “Бул маселенин артында эч бир саясат жок”

Юрист Канат Хасанов бул жерде эч кандай саясат жок экенин, болгону мыйзам иштеп жатат деген оюн айтты.

“Мен бул жактан эч кандай бир саясатты көргөн жокмун, бул жакта чындыгында эле мыйзам бузуу болгон. Бул деген соттордун шалаакылыгы. Азыркы Жогорку Соттун судьяларына козголгон иш алгачкы үлгү, буга чейин судьяларда пара алуу жана башка иштер менен кармалгандар көп эле болгон. Президенттин “ким болбосун, баары мыйзам алдында жооп берет” деп айткан сөзү таасир берип жатат. Жөнөкөй эле мисал айтайын, кечээ мен жеке иштерим менен сотко барсам алар мурдагыдан таптакыр башка мамиле көрсөтүштү, мыйзам жолу менен иш алып барып жатышат.

Мындан ары соттор ойлонуп калат деп ишенип жатам. Менин оюмча, катуу тартипке келтириш керек, себеби соттордун шалаакылыгынан көп адамдар жабыр тартууда”, - дейт Хасанов.

ОСМОНАЛИЕВ: “Жогорку Соттор аябай көөп кетишкен”

Юридикалык илимдердин доктору Кайрат Осмоналиев президентте азыркы учурда саясий эрк бар деп эсептейт.

“Мен судьяларга кылмыш иши козгогонуна прокуратуранын ишин жогорку деңгээлде бааладым. Мен бул ишти сыртынан билем, Ормуковду камакка алуу такыр туура эмес болгон. Себеби дегенде ал көзү азиз, болгону Атамбаевди сындап ыр жазган экен. Бул деген сөз эркиндигине болгон туура эмес мамиле, Ормуковго болгон куугунтук болуп жатпайбы. Сотторго иш туптуура козголду.

Азыркы учурда президентте саясий эрк бар, ошонун таасири тийүүдө. Жогорку Соттор аябай көөп кеткен, бул кылмыш ишинин козголушу башкаларга үлгү болот. Соттук системдин тазалануусунун башталышы, өзгөрүүлөрдүн белгиси деп кабылдасак болот”, - деди Осмоналиев.

САСЫКБАЕВА: "Сотторго дагы чара көрсө болот деген билдирүү болду"

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Асия Сасыкбаеванын айтымында, канча жылдан бери соттор өз билемдик кылып, мыйзамды тоготпой, коомго жаман таасир этип жүрөт. "Элдин сотторго болгон ишеничи кеткен. Канча деген саясий куугунтуктар болуп жатат. Ошонун баары соттордун, прокурорлордун, күч түзүмдөрдүн колу менен болууда. Акын Ормуковду камаганда эл аябай таң калган. Күчтүү саясатчылар, оппонеттер камалса бир жөн. Алар бийликтегилерге жемкорлукка жол бербеши үчүн көптөрдү сындайт, бийликке умтулат. Ормуков болсо акын. Акынды кыргыз эли эч качан куугунтукка алчу эмес. "Баш кесмей бар, тил кесмей жок" деген сөз бар. Эч нерсеге карабай акынды камап койгону соттордун мыйзамды тоготпой калганын түшүндүрөт. Сотторго кылмыш ишинин козголушу жакшы көрүнүш. Силерге дагы чара көрсө болот деген билдирүү болду.

Бирок бул окуянын экинчи жагы бар. Соттор Ормуковду камаганда прокуратуранын маалыматы менен камады. Прокуратура өзүбүз билебиз кимдердин ишин кайра караш керектигин дегендей мамиле жасап жатат. Прокурорлор ошол эле учурда аттын кашкасындай таанымал Өмүрбек Текебаевдин күнөөсү жок экени көрүнүп турса дагы эч кандай чара көргөн жок. Бир чети тандалма мамиле болгондой, Ормуковду мыйзамсыз камаган деп элди тынчытып коюу ыкмасын колдонушту деген ойго келесиң", - деди Сасыкбаева.

СООРОНКУЛОВА: “Мурда мындай фактыларга көз жумулуп келген”

Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова билдиргендей, көзөмөл катары текшерүү иши Башкы прокуратуранын милдети. “Башкы прокуратура камактагы адам мыйзамдын негизинде камалганы боюнча мезгил-мезгили менен текшерип турат. Бул текшерүүдөн чыккан факт боюнча, үч судьяга, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлерине кылмыш иши козголуп жатат. Бул жерде эч кандай саясат жок. Мурун деле текшерүүлөр болгон, бирок мындай фактыларга көз жумулуп келген. Бүгүн ачыкка чыгарып иш козгоп жатканы колдой турган жакшы көрүнүш. Эркиндик ар бир адам үчүн баалуу нерсе. Эч ким бир күн, бир саат дагы мыйзамсыз камакка алынбашы керек. Ормуков болсо мыйзамсыз 14 күн камакта отурган. Анын конституциялык укуктары бузулган”, - дейт Сооронкулова.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан