super.kg logo
  Саясат  

Ош шаарынын мэрин шайлоо 18-июлда өтөт

 

Ош шаарынын мэрин шайлоо 18-июлда өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 4-июлда Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шайлоо аталган күнү саат 9:00дөн 12:00гө чейин өтөт.

"Ош шаарынын статусу жөнүндө" мыйзамынын 22-беренесине ылайык, талапкердин жогорку билими, мамлекеттик, муниципалдык кызматта же мамлекеттик билим берүү, саламаттыкты сактоо мекемелеринде, уюмдарында, жеке менчик чарба жүргүзүүчү субъекттерде жетекчилик кызматтарда 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар болушу керек. Ошондой эле мамлекеттик тилди эркин билген Кыргыз жараны шаардын мэри боло алат. Кылмыш жасаганы үчүн соттуулугу бар, анысы мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган, ошондой эле чет мамлекеттин жарандыгына ээ адам шаардын мэри боло албайт.

Эске салсак, 3-июлда Айтмамат Кадырбаев Оштун мэрлигинен бошотулуп, Өнөр жай, энергетика жана кен казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары кызматына дайындалган.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
117727;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: