Нигерия курама командасынын оюнчусунун атасын кылмышкерлер туткунга алганы белгилүү болду

Нигерия курама командасынын оюнчусунун атасын кылмышкерлер туткунга алганы белгилүү болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Нигерия улуттук курама командасынын капитаны Жон Оби Микел Орусияда Дүйнө чемпиондугунда жүргөн кезде кылмышкерлер атасын туткунга алып акча талап кылышкан. Алгач Микелдин Нигериядагы туугандары чалып атасын белгисиз адамдар уурдап кеткенин кабарлашкан. Алар оюнчунун атасын уурдап байланышуу үчүн телефон номер таштап кетишкен.

Бул маалда оюнчу курама команда менен биргеликте Аргентина курамасына каршы өтө турган беттешке бара жаткан. Микел кылмышкерлер таштап кеткен номерге байланышканда алар акча талап кылган. Ошондой эле алар бул тууралуу маалымат укук коргоо органдарына, бийлик өкүлдөрүнө жетсе, атасын атып өлтүрөрүн айтышкан.

"Бул кабарага карабастан мен оюн талаасына чыгып, беттештин аягына чейин ойнодум. Оюнга чыгуу тууралуу чечимди кабыл алуу мен үчүн оор болду. Бир жагынан атамды ойлосом, бир жагынан артымда турган 180 миллион нигериялыкты ойлодум. Мен бул тууралуу ошол маалда эч кимге айта алган жокмун. Анткени атамды өлтүрүп коюшат деп корктум", - деп билдирген Микел.

Оюнчунун атасын полиция кызматы бир жумадан соң куткарган. Ага карата ар кандай күч колдонуу жана кыйноо болгондуктан, учурда ал ооруканада. Транспорттук компанияны жетектеген Микелдин атасын 2011-жылы дагы уурдап кетишкен.

Айта кетсек, Нигерия-Аргентина беттеши 1:2 эсебинде жыйынтыкталып, Нигерия курамасы Дүйнө чемпиондугунан четтеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azatbek.Svoboda.
2018-07-04 19:11:02
Атасы аман эсен сакайып кетсин!Орусияда МВД Ворзакондордун генералы менен баардык ворзакондорго чемпионат мира буткончо картеджде журбой коомчулукка корунбой бандиттеринерди токтотуп тургула деп келишим тузушкон деп бугун эрте менен окудум эле.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан