Депутат Абдывахап Нурбаев: "Жаңылануу керек, коом да ошол нерсени каалап турат"

Ош шаарынын мэрлигинде 4 жыл отурган Айтмамат Кадырбаев кызматынан бошотулуп, Өнөр жай, энергетика жана кен казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары кызматына дайындалган. Коомчулукта бошогон орунга кимдер барары да айтылып, бир нече адамдын аты атала баштады. Ошол себептен жаралган SUPER.KG порталынын "Оштун мэрлик креслосунун бошотулушу эмнени каңкуулайт?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаевдин жообу төмөндөгүчө болду.

Нурбаевдин айтымында, Оштун мэринин кызматтан кетиши жаңылануунун белгиси.

“Мурунку мэр өз ыктыяры менен башка ишке өткөнүнө байланыштуу жумуштан кетиптир. Менимче, жаңылануу керек, коом да ошону каалап турса керек. "Жаңы президент келди - жаңы мэр болсун" деген нерсе болушу мүмкүн. Негизинен жаңы идеялар менен келе турган мэр керек. Бул жерде, менин оюмча, башка тарабы деле жок, болгону жаңылануу, элдин каалоосу деле ошол да”, - деди Нурбаев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Искендер Матраимов, Жанар Акаев, жарандык активисттер Сонунбек Жунусбаев, Акбалык Жумалиева, коомдук ишмер Шаирбек Маматокторовдун пикири бул шилтемеде.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан