"Аксыдан чыккан Жеңижок, айтышарга теңи жок" аттуу республикалык айтыштын тандоо турунан 16 акын суурулуп чыкты (тизме)

"Аксыдан чыккан Жеңижок, айтышарга теңи жок" аттуу республикалык айтыштын тандоо турунан 16 акын суурулуп чыкты. Бул тууралуу "Айтыш" коомдук фондунун теңтөрагасы Асылбек Маратов билдирди.

"Айтыштын тандоо туруна өлкөбүздүн бардык аймактарынан жалпы 44 акын келип катышты. Арасынан калыстар тобунун чечими менен 16 акын тандалып алынып кийинки турга өткөрүлдү", - дейт Маратов.

Тандалып алынган 16 акын:

1. Абдылда Нуралиев
2. Амантай Кутманалиев
3. Максат Кулуев
4. Баян Акматов
5. Изат Айдаркулова
6. Турат Жумаев
7. Тынчтык Эсенбай уулу
8. Мундузбек Усупбек уулу
9. Айжан Сырымбетова
10. Акматбек Султан уулу
11. Асылбек Маратов
12. Кубат Тукешов
13. Мамбеттокто Мамбеторозо
14. Эламан Келдибеков
15. Акжолтой Канат уулу
16. Нурсултан Малдыбаев

Айта кетсек, айтыштын кийинки турлары Аксы районунун Кара-Суу айылында 14-15-июль күндөрү орун алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Sizge.kat
2018-07-04 19:59:17
Жамайка жокпу
-1
Pchelka85
2018-07-04 20:28:55
Тайсон жокпу.?
-1
Sizge.kat
2018-07-04 20:57:18
Акындар да тымызын экиге болунушкон сыяктуу
+1
muni.98-98
2018-07-04 20:58:42
Size.kat
Pchelka85
Алар чон акындар. Булар элден чыккан эми элге тааныла турган акындар
0
Sizge.kat
2018-07-04 20:59:41
Аалы такыр жле корунбой кетти да неге коп айтышпай калды болду экен суперчтлер ушу тууралуу маалымат берип койо аласыздарбы
0
suyor
2018-07-04 21:01:06
Абдылда Нуралиевти ким чыгарды? Жакщы айташа албай , окшобосо дагы ура юерет эээ деп
0
Taku.14.02
2018-07-04 22:03:05
Тура Жамайка Болот Аалы.Жылдызбек Гулкайырсыз айтыш кызыксыз...Максат айтыша албайт деги не журот жаштарга оорун бербей
-1
aliko78
2018-07-04 22:40:40
Идирис жокго. Эхх айтыш кызыксыз болот экенда.
-2
Nestana95
2018-07-05 02:57:27
Оо Нурсултан биздин айылдын кулуну.....сени коргон ар бир мугалим,айылдаштарын суйунуудо..
-2
Modric10
2018-07-05 08:11:26
менин элмирбек байкем жок го
+1
Nariste...12
2018-07-05 14:50:59
Аксыда болот экен да..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан