Тажикстанда дарыгерлер 9 айлык баланын денесинен 10 ийне табышты. Бул тууралуу тажикстандык басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, 9 айлык баланы рентгенге тарткан учурда анын башында, мурдунда, буттарында жана ичинде жалпы 10 ийне бар экени аныкталган. Дарыгерлердин айтымында, ийнелерди бала өз алдынча жуткан эмес.
Балага жасалган операциядан кийин дарыгерлер 6 гана ийнени алып чыгышкан, калган 4 ийне терең жайгашкандыктан азырынча алына элек.
Белгилүү болгондой, 28-июнь күнү 9 айлык Мудассир Каримовду жакындары ооруканага алып келишкен. Баланы кароодон өткөргөн дарыгерлер анын денесинде ийнелер бар экенин аныкташкан. Алардын айтымында, ийнелердин баланын денесине киргенине 3 айдан ашкан.
"Биринчи жасалган операцияда баланын денесиндеги 6 ийнени алып чыктык. Операция көп убакытка созулгандыктан баланын башындагы жана ичинде жайгашкан 4 ийнени алган жокпуз. Анткени баланын жаш организми узакка созулган операцияны көтөрө албайт", - деп билдирген дарыгер.
Ошондой эле дарыгерлер ийнелер кандай жол менен баланын организмине киргенин билбей жатышканын билдирген.
"Биздин максат - ийнелердин баарын алып чыгып баланын өмүрүн сактап калуу. Бала ийнелерди өз алдынча жуткан эмес, эгерде ал жутуп алган болсо, ичегилери жабыркамак. Алар организмге кандай жол менен киргенин укук коргоо органдары аныктайт", - деп айтышкан дарыгерлер.
Ал эми ийнени 9 айлык баланын чоң апасы алгач Мудассирдин апасы аны эмизип жатканда тишинин бүлөөсүнөн байкап сууруп чыкканын, андан соң алар дароо дарыгерге кайрылгандыгын билдирген.
Буга чейин Өзбекстандын Фергана облусундагы Азизбектин денесинен 16 ийне табылган. Балага тез аранын ичинде операция жасалып, дарыгерлер 16 ийненин 13үн алып чыгышкан.