Сирияда аба соккулары кайрадан башталды

Сириянын түштүк-батышында өлкө президенти Башар Асаддын бул аймактагы бийликти калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүүлөрү натыйжасыз болгондон кийин аба чабуулдары кайрадан башталды. Бул тууралуу Адам укуктарына көзөмөл жүргүзгөн сириялык топко таянып чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, Тафас калаасында, Дераа шаарынын түндүк-батышында жана Сайда шаарында абадан сокку урулду.

"Сирия президенти Башар Асад орусиялык авиациянын көмөгү менен өлкөнүн түштүк-батыш аймагында чабуул жасап келет. Алардын максаты – бул аймакты оппозициялык топтон тартып алуу. Укук коргоочулар шаршемби күнү Сайда шаарына бомбалар ташталганын кабарлады. Оппозиция өткөн ишембиде согушту токтотуу жөнүндө Орусия менен макулдашууга аракет жасаган. Бирок орток чечимге келе алышкан эмес", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
AzKumFerDan
2018-07-10 16:19:53
Дүйнө Тынч болсунчу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан