Баткен облусунун Кадамжай районунда дарыяга 26 жаштагы кыз чөгүп каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Баткен облустук тоо-кен кырсыгынан куткаруу кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, билдирүү 4-июлда ӨКМнын райондук бөлүмүнө келип түшкөн.
"Биздин куткаруучу топ барганда кыз дарыяга чөгүп каза болуп калган. Кыздын денесин куткаруучулар алып чыгышкан. Ал кыздын эмне себептен чөгүп каза болгону тууралуу маалыматтар териштирилип жатат. Кыздын аты-жөнү такталып 26 жаштагы Үч-Коргон айылынын тургуну А.К. аттуу кыз экени аныкталды деди", - аталган кызматтан.