super.kg logo
  Саясат  

Депутат Улугбек Ормонов: "Конгантиевдин 7-Апрель окуясына такыр тиешеси жок"

 

Молдомуса Конгантиевдин кылмыш иши 8 жылдан кийин токтотулду. SUPER.KG порталынын "Бакиевдин кадрларынын акталганы 7-апрелде шейит кеткендерге убал эмеспи?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов жооп берди.

Ал 2010-жылы 6-апрелде Таласта митингге чыккан элге каршы курал колдонулбаганынын бирден бир себепкери Молдомуса Конгантиев экенин айтты.

"2010-жылы 7-апрель күнү Молдомуса Конгантиев Бишкекте эмес, Таласта болгон. Анын 7-Апрель окуясына такыр тиешеси жок. Тескерисинче, 2010-жылы 6-апрелде Таласта адамдарга каршы курал колдонулбаганынын бирден бир себепкери ушул киши болуш керек. Ошол учурда министр Конгантиевдин кандай сабалганын баарыбыз көргөнбүз. Ага карата кылмыш иши ушул күнгө чейин жүрүп калганы да түшүнүксүз", - деди Ормонов.

Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов, экс-депутат Мээрбек Мискенбаев, жарандык активисттер Алга Кылычов, Мавлян Аскарбеков, Айбек Мырзанын пикири бул шилтемеде.


кошулду


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114277;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: