Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Ак-Терек дарыясына 10 жашар кыз чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Кырсык 25-июнь күнү саат 14:00 чамасында болгон. Изделип жаткан Сейил Мирбек кызы азырынча табыла элек, куткаруу кызматкерлери издөө иштерин жүргүзүшүүдө.