Оштон Екатеринбургга бара жаткан келин учакта көз жарды. Бул тууралуу "Манас" аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 7-июль күнү Ош шаарынан Екатеринбург шаарына "Урал аба жол каттамдарына" таандык учак менен учкан кош бойлуу келин учактын ичинде көз жарган. Төрөттү учактагы коштоп жүрүүчү кабыл алган.
"Кош бойлуу келин көз жарганына байланыштуу каттамга чыккан учак кайра "Манас" аэропортуна конгон. Эне-баланы ал жакта даярдалган "Тез жардам" кызматы тосуп алган. Дарыгерлердин айтымында, ымыркайдын жана апасынын абалы жакшы. Эртең ооруканадан чыгышат", - деп билдирди маалымат кызматы.