Япониядагы "Прапирун" бороонунан каза болгондордун саны 90дон ашты

Японияда “Прапирун” тайфунунан кийин катуу жааган жамгыр менен суу ташкынынан каза болгондордун саны 90дон ашты. Мындан башка 60 адам дайынсыз жоголду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка караганда, каза болгондордун көбү Хиросима менен Эхиме аймагынын жашоочулары болгон. Куткаруучулар аталган аймактардан 2 миңге жакын адамды куткарып үлгүргөн.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн билдиришинче, жамгырдын мынчалык катуу жаашы мурда болгон эмес. Азыркы тапта Япониянын бардык аймагынан 1 миллион 500 миңден ашык адам коопсуз жайга көчүрүлгөн. Куткаруу иштерине 10 миңден ашык аскер менен полиция жана өрт өчүрүү кызматкерлери тартылган.

Синоптиктердин маалыматына караганда, алдыдагы күндөрү өлкөнүн түштүк-батыш жана борбордук бөлүктөрүндө жаан жаашы күтүлүүдө. Ушуга байланыштуу дагы суу ташкыны жана сел жүрүү коркунучу бар экени айтылат.

Айта кетсек, Японияда “Прапирун” тайфуну июль айынын башында башталган. Шамалдын ылдамдыгы айрым учурларда секундасына 50 метрге чейин жеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан