Ысык-Көлдө белгисиз адам Бүткүл орусиялык мамлекеттик теле жана радиоберүү компаниясынын Кыргыз жериндеги 57 жаштагы өкүлү Виктор Ткаченконун акчаларын жана уюлдук телефондорун уурдап кетти. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 9-июль күнү Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов кабарлады.
Жабырлануучунун маалыматына ылайык, 9-июлга караган түнү саат 2:50 чамаларында белгисиз адам Бостери айылындагы алар эс алып жаткан жайга кирип келип, акчасын жана эки уюлдук телефонун уурдап кеткен. Ууруну жабырлануучунун кызы көрүп калып, бирок кармаганга жетишпей калган. Андан кийин саат 3:15 чамаларында окуя болгон жерге милиция чакырышкан.
Милиция жеринде тийиштүү иштерин аткарган соң жабырлануучу Виктор Ткаченко эки кызы менен бирге милиция бөлүмүндө окуя тууралуу көрсөтмө берип чыгышты. Ал эми уурдалган уюлдук телефондун бири журналист үй-бүлөсү менен эс алып жаткан жайга жакын жерден табылган.
Басма сөз катчы кылмыштын бетин ачуу үчүн ишти Ысык-Көл ОИИБинин жетекчилиги өз көзөмөлүнө алганын кошумчалады.