Бекназаров: "Эртеби, кечпи дагы бир революция болот"

Эртеби, кечпи дагы бир революция болот деген пикирин бүгүн, 10-июлда маалымат жыйынында саясатчы Азимбек Бекназаров билдирди.

"Алдыда дагы революция болот, мурунку революция өз максатына жеткен жок. Биз ушунда үй-бүлөлүк башкаруу менен, ким президент болсо ошонун үй-бүлөсүнө баш ийип жүрө берсек дагы революция болот. Ал революциядан кийин да оңолуп кетпейбиз. Биз, ар бирибиз жан дүйнөбүздө төңкөрүш жасаганда гана оңолобуз", - деди Бекназаров.

Эске салсак, 6-июлда Молдомуса Конгантиевге 2010-жылы козголгон кылмыш иши экс-министрдин аракеттеринде кылмыштын курамы жок болгондуктан токтотулганын УКМК билдирген. Бекназаров бүгүн бул боюнча пикирин билдирүү үчүн маалымат жыйын өткөрдү.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан