"Ата-Бейит" тарыхый-мемориалдык комплексиндеги Чыңгыз Айтматовдун эстелиги оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Мындай маалыматты Чүй облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Марклен Медетов SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, оңдоо иштери июль айынын аягында башталып, сентябрга чейин бүткөрүлмөкчү.
"Мурда жасалган тепкичтердин көбү сынып, таман таштар чөгүп, мраморлор карарып кетип жатканына байланыштуу Чыңгыз Айтматовдун эстелиги ушул жылы оңдолуп-түзөлө турган жайлардын тизмесине киргизилген. Ага ушул жылдын планына киргизилген 7 миллион 700 сомдун 1 миллион 500 миң сому бөлүнөт. Эстеликтин мрамордон жасалган дубалдары, таман таштар, орундуктар, жазуучунун сөөгү жашырылган жердин гранит тосмосунун айрым бөлүктөрү алмаштырылат. Мрамордон жасалган дубалдын аянты 106 чарчы метрди түзөт", - деди Марклен Медетов.
Айта кетсек, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Ата-Бейиттеги" мемориалы 2013-жылы ноябрь айында курулуп бүткөн. Ага өлкө казынасынан 15 миллион сомдон ашык акча сарпталган.
Бирок мемориал курулуп бүткөнүнө бир жыл айланбай эле анын айрым бөлүктөрү урап баштаган. "Ата-Бейит" комплексинин директору залкар жазуучунун мемориалынын чатыры бир нече жолу урап түшкөнүн айткан. Аны курган куруучулар келип, оңдоп-түзөп кетишсе да үстүнө кар түшүп, суу аккандыктан, кайра эле урап калганын билдирген.
Бул жагдай тууралуу мындан 3 жыл мурун жазуучунун бир тууган карындашы Роза Айтматова мемориалдын курулуш иштери кыска мөөнөттө бүткөрүлгөнүн айтып, курулуш иштеринин акыркы этаптарында анын чатыры жасалганын кошумчалаган.
"Мемориалдын чатырынын алды урап баштаганда биз аны кургандарга кайрылганбыз. Алар келип аны көрүп, оңдоп-түзөөгө аракеттенишкен. Бирок натыйжасыз болду. Мемориалдын ачылганына 1 жыл айлана элек, бирок анын үстүнөн аккан суу аны кайрадан уратууда. Азыр кыш болгондуктан, күн жылыган сайын кар эрип, жамгыр жаап, ал толук оңдолуп бүтө элек", - деген жазуучунун карындашы.