Өлкө аймагына сырттан ташылып келген автоунааларга бажы алымдарынын өлчөмү төмөндөтүлдү. Тийиштүү токтомго бүгүн, 10-июлда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.
Маалыматка ылайык, аталган чечим ашыкча эскирген автотранспорт каражаттарын азайтуу жана жеке жактардын өлкө аймагына электр, гибриддик кыймылдаткычтуу автотранспорт каражаттарын ташып киргизүүсүнө дем берүү, ошондой эле өлкөнүн автоунаа паркынын эскиришин алдын алуу боюнча ыкчам чара көрүүгө багытталган.
Өкмөттүн токтому аркылуу бензин жана дизелдик кыймылдаткычтуу автотранспорт каражаттарына карата бажы алымдарынын жана салыктардын бирдиктүү өлчөмү 2014-жылкы коюмдардын деңгээлине чейин төмөндөтүлөт.
Мындан тышкары, гибриддик кыймылдаткычтуу унаа транспорттук каражаттарга 1 куб сантиметр үчүн 0,5 доллардан 0,6 долларына чейинки өлчөмдө бажы алымдарынын жана салыгынын өбөлгөлөөчү коюмдары киргизилет.
Электромобилдерге карата бажы алымдарынын жана салыгынын нөлдүк коюму киргизилмекчи.
Белгилей кетсек, аталган токтом расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөн соң күчүнө кирет жана 2019-жылдын 31-декабрына чейин иштейт.