III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш жана жабылыш аземинин билеттери сатыла баштады

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш жана жабылыш аземине билеттер сатыла баштады. Бул тууралуу уюштуруучулар бирдирди.

Маалыматка ылайык, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун билеттерин Бишкек, Ош жана Чолпон-Ата шаарларындагы Кыргыз почтасынын бөлүмдөрүнөн сатып алса болот. Ошондой эле билеттерди Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун расмий тиркемеси аркылуу алууга болот.

“Кирүү билеттери ар бир адамга өзүнө гана таандык QR-коду менен айрыкча тактыкта басылган. Билеттерде жеке жактардын жеке белгилери шифр менен жазылган. Анда жеке жактын фамилиясы, аты, атасынын аты, сүрөтү, паспорттук реквизиттери жана башка белгилер бар. Билетти башка жактарга берүү жана басылган QR-кодду бузууга катуу тыюу салынат. Жогорудагы көрсөтүлгөн эрежелер сакталбаса чыгымын ордуна келтирбестен билетти жокко чыгарууга алып келет”, - деп жазылат маалыматта.

Уюштуруучулардын айтымында, ачылыш аземине кирүү билеттери 400 сомдон 4 миң 900 сомго чейин, ал эми жабылыш аземиники 350 сомдон 3 миң 800 сомго чейин болмокчу.

Айта кетсек, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун ачылыш аземи 2018-жылдын 2-сентябрында саат 20:00дө өтөт. Ал эми жабылыш аземи 2018-жылдын 8-сентябрында саат 20:00дө орун алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Azatbek.Svoboda.
2018-07-11 17:18:18
Кытайга карызды төлөгулө кайдагыны чыгарып айлык пенсияга белет сатпай!
+5
monster_high_98
2018-07-11 17:42:47
Кочмондор оюнунун деле +- бар экен,бирок - кобуроок да биз учун,акыбалга жараша эле журо бергенде
+3
Azatbek.Svoboda.
2018-07-11 18:15:08
monster_high_98,плюсу атка минерлерге да биз кайда!
+2
Osh3015
2018-07-11 18:28:59
Кыргызстан бай өлкө да, минутасына 300 000 млн сом табат.Карыз 4,2 $ млрд долларга жетти.
+3
jumatone
2018-07-11 18:30:15
Көчмөндөр оюну анан копкондор оюну
+3
nur...nur.
2018-07-11 18:34:08
Кыргыз деген, ачка калса да, той бериш керек.кереги жок нерсе эчкимге зыян
+7
Potriot.KGstan
2018-07-12 11:54:01
Эмне кереги бар ушул пайдасы жок оюнунардын.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан