"Конгантиев Бакиевдин кланына кызмат кылган". Роза Отунбаева Конгантиевдин кылмыш иши кыскарганы боюнча оюн билдирди

Кечээ, 10-июлда саясатчы Азимбек Бекназаров экс-президенттер Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев жана азыркы президент Сооронбай Жээнбеков мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин кылмыш иши кыскарганы боюнча ойлорун айтышы керектигин белгилеген. SUPER.KG порталы кечээ бул боюнча собол салып, Роза Отунбаевага кайрылган. Бүгүн Отунбаева өз пикирин билдирди.

"Конгантиевдин ишин жапкандар артык кылам деп тыртык кылды"

"Конгантиевдин кылмыш ишинин кыскартылышы 2010-жылы апрель айында Таласта болгон окуяны иликтөөгө түртөт. Конгантиевдин ишин жапкандар артык кылам деп тыртык кылды. Канча жыл өтсө да Таластагы 2010-жылы апрель айында болгон окуянын себебин баарыбыз билишибиз керек. Ошол кездеги окуялар түрдүү документтерде бекитилгени шексиз, бул суроолор ошол тарыхый окуяларды эскерүүдө көтөрүлгөн. Биздин Революциялар тууралуу айтып жатып “жаманды унуткан жакшы, болгон нерсе тарыхта калсын жана кайталанбасын” деп жашаган болбойт. Кайталанышы мүмкүн, анткени окуя иликтенген эмес жана сабак алынган жок!

Парламенттин 4-чакырылышындагы оппозициялык фракциянын лидери катары менде 2010-жылдын 7-апрель окуясына жеткирген саясий окуялар эсимде. Ошол жылдарды эстегенде Геннадий Павлюктун өлтүрүлүшү, активист Сыргак Абдылдаевдин ур-токмокко алынышы, Медет Садыркуловдун өлтүрүлүшү, генерал Исмаил Исаковдун камалышы, журналисттердин чет өлкөлөргө качышы эске түшөт. Президенттик администрациясы менен “Ак Жол” партиясынын атадан балага бийликти калтырууну мыйзамдаштырган өзгөртүүнү Конституцияга киргизүү аракети, мамлекеттик мүлктөрдү өтө арзан сатуулар, көптөгөн каражаттарды сыртка чыгаруу эске түшөт. Ошол кездеги бийлик тарабынан 6-апрелде Таласта, 7-апрелде Бишкекте куралдар ташталган. Бакиевдин режиминин планы оппозицияны жок кылуу болчу", - дейт Отунбаева.

"Конгантиев Бакиевдин командасында болуп, анын кланына кызмат кылган"

"6-апрелде Таласта өтө турган курултайга даярдыктар көрүлүп жатканда бийлик диалогго келбей активисттерге кысым көрсөткөн. Айдын башталышында эле милиция кызматкерлери курултайга элди барбагыла деп эскертип, коркуткан. Шаарга тик учактар менен күчтөр жеткирилген. Активисттер облустук администрациянын имаратын басып алышканда, бийликтин бүт күчү аларды чыгарууга жумшалган. Имаратты бошотуу аракети 6-апрелден 7-апрелге караган түнү бир нече жолу болгон. Данияр Үсөнов баштаган бийлик “бандиттер” жана “азгындар” менен сүйлөшүүнү туура деп эсептеген эмес. Бишкекте “борбордук аянтта мас адамдар чогулду, аларга тамак-аш жана акча таратылууда” деген маалыматтар тарап жаткан. Премьер-министр башында турган штабдын мүчөлөрүнүн таластыктардын намысына шек келтирген сөздөрү КТРК аркылуу кенен көрсөтүлгөн.

Таласта болуп жаткан окуяга чара көрүү үчүн ошол кездеги ички иштер министри Конгантиев жөнөтүлгөн. Ал шашылыш, катуу чара көрүүгө чакырган. Конгантиев облустун борборуна 7-апрель күнү келип, башкалардын кеңешин укпастан, тартипке келтирүү үчүн буйрук берип баштаган. Болот Шер кармалгандан кийин активисттер аны бошотууну талап кылышкан. Элдин нааразычылыгы өсө берген. Бишкектеги “Ала-Тоо” аянтынан келген маалыматтар кырдаалды андан бетер курчутуп, облустук милициянын имараты курчоого алынган. Бийликтин аракеттерине жана Бишкекте адамдардын октон күнөөсүз каза болгонуна нааразы болгон эл офицерлерге кол салган. Конгантиевдин ур-токмокко алынган сүрөтү дүйнө жүзүнө жайылып кеткен. Андан Конгантиев катуу жабыркаган үчүн ал суракка алынбай, тергөө иштери жүргөн эмес. Бул иштер жакшы мезгилге чейин калтырылган", - деп эстейт экс-президент.

"Баарыбызды ЖЭБ боюнча коррупциялык чууга тартып кетти"

"Бирок, көрсө, убакыт текке кетиптир. Сотторду катуу сынга алып, улуттук коопсуздук кызматын коомдун көзөмөлүсүз калтырып, милицияны толук реформалоо ишке ашыра албай жатканда, биздин коом 2010-жылы козголгон иштерди унутта калтырды. Коомчулук жаңы бийликтен мурдагы бийликтин тушунда козголгон чуулуу кылмыш иштери боюнча реакциясын күтүп жатканда, баарыбызды ЖЭБ боюнча коррупциялык чууга тартып кетти.

Мына ушундай кырдаалда “эл чыдап унчукпайт” деп Конгантиевге козголгон кылмыш иши сотсуз жана тергөөсүз кыскартылды. Конгантиевдин иши 2010-жылдагы Апрель окуясынын, Таластагы окуялардын тамырына жана себебине жол ачып берет. Конгантиевдин иши боюнча соттук иликтөө жүрүшү керек жана соттун чечими гана анын тагдырын чечиш керек. Республиканын саясий тарыхында коомдук мааниси жогору болгон ишти өргүү мезгилинен пайдаланып акырын жаап коюу туура эмес", - деген пикирде Отунбаева.

Эске салсак, 6-июлда Молдомуса Конгантиевге 2010-жылы козголгон кылмыш иши экс-министрдин аракеттеринде кылмыштын курамы жок болгондуктан токтотулганын УКМК билдирген.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан