Бишкек ЖЭБин модернизациялоодо баалардын жогорулатылышын текшерген соттук эксперттердин корутундусу делген документтер интернетке тарады.
Экспертизанын жыйынтыгына ылайык, эксперттер төмөнкү чечимге келишти:
1) ТВЕА компаниясы аткарган жумуштардын жана курулуш материалдарынын сапаты Кыргыз Республикасынын курулуш эрежелерине жана талаптарына туура келет.
2) Жаңы энергетикалык блоктордун курулушу долбоордук документацияга жана курулуш эрежелери менен талаптарына ылайык жасалган.
3) Параллелдик долбоорлоо болгондуктан жана сметалык документтер жок болгондуктан модернизациянын жүрүшүндө баалардын жогорулатылганын аныктоо мүмкүн эмес.
"Демек, баалар жогорулатылган деп кылмыш ишин козгоого негиз жок", - деп айтылат билдирүүдө.
Айта кетсек, бүгүн, 11-июлда Бишкек ЖЭБ боюнча изилдөөгө алган эксперттик кызматтын жетекчилери камакка алынган. "Эксперттик топко ошол эксперттик кызматтын жетекчилиги таасир бергендиктен, эксперттик топ документтерди иликтебей туруп эле 25-июнда мыйзам бузуу менен туура эмес жыйынтык чыгарып коюшкан", - деп айтылат Башкы прокуратуранын маалыматында.