Сокулукта 10 жаштагы кызды зордуктаган шектүү кармала элек

Сокулукта 10 жаштагы кызды дааратканага барган учурда зордуктаган шектүү кармала элек. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

"Бул окуя боюнча шектүүлөр кармала элек. Учурда издөө иштери жүрүүдө", - деди маалымат катчы.

Эске салсак, Сокулук районунда жашы жете элек кызды зордуктоо фактысы катталганы маалымдалган. Анда 10 жаштагы кыз дааратканага барганда белгисиз адам зордуктаганы айтылган. Бул окуя боюнча Сокулук РИИБи тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси менен кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Ал эми зордукталган кыздын агасы Рамазан Хихида дааратканага барган 10 жаштагы карындашын таш менен коркутуп зордукташканын айтып берген.



кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Sultawka
2018-07-12 09:45:02
Иликтеп табып жазасын бериш керек
+1
Sultawka
2018-07-12 09:45:33
табып жазалооо керек
+1
monster_high_98
2018-07-12 12:07:02
Ыкчам иликтоо тобу ХХХ такалап журобу ,таппай
+1
Michelangelo
2018-07-12 20:47:19
Эмне деген заман болуп жатат, күндө зордуктоо, алдап кетүү, адамдык сапатыбызды жоготуп айбанга айланып баратабыз.. Оюбузда кантип байып кетебиз, бир секундук кумар..
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан