super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 13-ИЮЛЬ: "Татьянин день" телесериалы аркылуу элдин сүймөнчүгүнө айланган орусиялык актриса Анна Снаткина 35 жашка толду

 

"Татьянин день" телесериалындагы кара чачтуу Таня эсиңиздеби?! Бүгүн дал ошол сериал аркылуу элдин сүймөнчүгүнө ээ болгон орусиялык актриса Анна Снаткина 35 жашка толду. Ал 1983-жылы 13-июлда Москва шаарында төрөлгөн. Ата-энеси жөнөкөй авиакуруучулардан болушкандыктан, Анна бала чагында бир топ кыйынчылыктарды көрүп чоңойгон. 6-класска чейин Тушино районунда бир бөлмөлүү батирде турушчу.Актрисанын бала чагыСиңдиси Маша ошол учурда төрөлүп, жаткырганга орун жок болгондуктан, столдун үстүндө уктачу экен. Анна он бир жашка толгондон кийин гана өзүнчө чоңураак батирге көчүп кетишкен. Кыйналып жашагандарына карабастан атасы Аннаны 4 жашынан баштап спорттун алгач гимнастика бөлүмү­нө, кийинчерээк аэробика бөлүмүнө машыгууга берет.

Ошентип балалыгынын 13 жылын спортко арнаган. Ал эми кино багытына өткөндөн кийин спорт Аннанын жашоосунда жөн гана хобби катары кала берди. Актриса бош убактысында гана ден соолукка пайдалуу гимнастика менен машыгып, фитнес клубдарга, сауналарга барууну жактырат.
Атактуу актриса болуу жөнүндө Анна 2-классында Уитни Хьюстондун катышуусундагы ”Телохранитель” аттуу фильмди көр­гөндөн кийин эле кыялдана баштаган. 8-классты аяктагандан кийин кыялын чындыкка айландыруу максатында театр багытына кадам таштайт. Дене тарбия окуу жайына тапшырат деп ишенген ата-энеси кызынын бул жоругуна алгач таптакыр каршы болушкан.

Анткени ошол учурда эле Анна мектеп окуучусу болгонуна карабастан кичинекей балдарга аэробикадан машыктыруучу болуп да эмгектенчү. Театрга жана киного болгон кызыгуусу артып, алгач искусстводон курстарга катышып жүргөн болсо, кийинчерээк кинематография институтунан билим алган.

Мындай атак-даңкка жеткенге чейин студент кезинде дагы бир топ кыйынчылыктарды көргөн. Стипендиясынын акчасына жашоого мүмкүн болбогондуктан, ошол кезде эле талантын тастыктап журналдарга сүрөткө түшчү экен жана мындан биринчи ирет 300 рубль гонорар алган. Андан тышкары, оор турмуштун айынан бир кездерде кассета сатып иштегенге да туура келген.

Экинчи курстун аягында болсо Аннага “Московская сага” сериалындагы Е.Градованын ролун аткаруу сунушу түшкөн. Мындан көп узабай эле 2003-жылы Нина Стасованын ролу менен “Участок” сериалына тартылган. Ушундай жол менен кинодогу тушоосу кесилип, 2005-жылы “Обреченная стать звездой” телесериалында Женя Азарина болуп, популярдуулуктун чокусун багындырат.Андан тышкары, “Вызов” (Катя), “Аэропорт” (Маша Снегирева), “Боец” (Виктория Варшавская), “Я не вернусь” (Катя, Маша эгиз кыздар) кинолорунда баш каармандардын ролун жараткан. Анна Снаткинанын бир гана көп сериялуу кинолордон эмес, чоң тасмалардан да тажрыйбасы бар.
Алсак, өзү кичинекейинен эле кыялданган Наталья Гончарованы “Дуэль и смерть Пушкина” фильминде роль аткарган. Кинонун режиссёру Бондарчук Аннанын баш каарманга окшош экенин байкап, өзү чакырган эле. Ошентсе да келбетин өзгөртүүгө туура келип, 10 килограммга арыктаган экен.Анна Снаткинаны көпчүлүк "Татьянин день" сериалынан кийин жакшы таанып калган.
2016-жылдын сентябрь айында актриса "Единая Россия" партиясынын атынан Мамлекеттик думанын 7-чакырылышынын депутаты болуп шайланган.2012-жылдын октябрында актёр жана шоумен Виктор Васильевге турмушка чыккан. Азыркы учурда түгөйлөрдүн ортосунда 1 кызы бар.

13-июлга карата жылнаама.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
117727;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: